Акжол Махмудов Дүйнө чемпиону болду

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмагындагылар арасында Дүйнө чемпиону болду. Финалдык кармашта венгриялык Золтан Леваи менен кез келип, балбаныбыз атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (8:0 эсебинде).

Муну менен Махмудов Кыргыз курамасынын капчыгына алгачкы алтын медалды салды.

Кошумчалай кетсек, Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи өтүүдө.

Комментарий жиберүү