Катар-2022: Кайсы командалар плей-оффко чыгып, кимиси үйлөрүнө кайтты

 Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында плей-офф баскычына чыккан жана үйлөрүнө кайткан командалар аныкталууда.

Кечээ, 29-ноябрда Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында 3-турдун алгачкы төрт беттеши орун алды. А жана В тайпаларынын бул беттештеринен кийин 1/8 финалына кимдер чыкканы ошондой эле кайсы командалар үйлөрүнө кайтканы аныкталды.

Кечээки беттештеде А тайпасынан плей-офф баскычына Нидерланды менен Сенегал курамалары чыкты.

Нидерланддар Катарга каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, турнирдик таблицада 1-орунга чыкты. Голду Коди Гакпо киргизди.

Кийинки чечүүчү оюнда Сенегал Эквадорду 2:1 эсеби менен утуп, плей-оффко чыкты.

Нидерланддар 7 упай менен А тайпасында биринчи болсо, сенегалдыктар 6 упай алып, 2-орунду ээледи.

Эми Нидерланддар плей-оффто (1/8 финал) В тобундагы экинчи орунду алган команда менен беттешет.

В тайпасынан плей-оффко Англия менен АКШнын курмалары чыгышты. Англия Уэльсти 3:0 эсебинде утуп, В тайпасында 7 упай менен биринчи орунга чыкты.

В тобундагы чечүүчү беттеште Иран АКШга 0:1 эсебинде жеңилип калып, плей-оффко өтпөй калды. Жалгыз голду беттештин 38-мүнөтүндө Кристиан Пулишич киргизди. 

АКШ бул оюнда 5 упай алып, экинчи орунга чыкты.

Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын командалары дүйнөлүк чемпионатта экинчи жолу беттешти. 1998-жылы ирандыктар тайпалык баскычта АКШны 2:1 эсебинде жеңип алган болчу.

Ошентип 1/8 финалда Англия 4-декабрда сенегалдыктар менен беттешсе, америкалыктар 3-декабрда Нидерланддар менен беттешет.

Буга чейин эки турдун жыйынтыгы боюнча Франция, Бразилия жана Португалия курамалары 1/8 финалга өткөн.

Комментарий жиберүү