ЖККУ Борбор Азияда кырдаалды турукташтыруу боюнча машыгууларды өткөрүүдө

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму (ЖККУ, ОДКБ) 12-13-март күндөрү стратегиялык командалык-штабдык машыгууларды өткөрүүдө, анын жүрүшүндө Борбор Азия аймагында кризистик кырдаал чыңалган учурда жагдайды турукташтыруу боюнча чаралар иштелип чыкмакчы.  Бул тууралуу журналисттерге Бириккен штабдын пресс-катчысы  Владислав Щегрикович маалымат берди.

Машыгуулар Бириккен штабдын начальниги  генерал-полковник Андрей Сердюковдун жетекчилиги астында өтүүдө.

Анын айтуусу боюнча, бул машыгуу быйылкы жылы күзүндө Казакстанда өтө турган “Бузулбас бир туугандык-2024” деп аталган ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү тарабынан өтө турган командалык-штабдык машыгууларга даярдык көрүүнүн алгачкы иш чарасы болуп саналат.

“Машыгууларды өткөрүү үчүн  аскердик-саясый жана стратегиялык окуу кырдаал түзүлүп, анын  планында бир катар шарттар кабыл алынган, мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын аталышы өзгөргөн.  Кырдаалга ылайык, уюмдун жоопкерчилигиндеги аймакта мүмкүн болуучу коркунучтун варианттары моделдештирилет жана жамааттык коопсуздуктун шарттуу Борбор Азия аймагында кризистик кырдаалдын жаралышы каралат”, – деп айтылган маалыматта.

Иш чарада ЖККУнун башкы катчысы  Имангали Тасмагамбетов белгилегендей, машыгуулар “татаал эл аралык кырдаалда өтүүдө”.

“Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында эски чыр-чатактар кайра козголууда жана чыңалуунун жаңы очоктору жаралууда, анын ичинде ЖККУнун жоопкерчилигиндеги аймакта. Азыркы кризистер көбүнчө гибриддик табиятка өтүүдө жана аларды чечүү үчүн комплекстүү мамилени талап кылат”, – деди ал. Анын айтуусунда, машыгуунун негизги максаттарынын бири жамааттык антикризистик аракеттердин алгоритмин тактоо жана алардын натыйжалуулугун ЖККУнун Жамааттык кооопсуздук келишими тарабынан 2023-жылы 23-ноябрда кабыл алынган “ЖККУнун кризистик системаларына жооп катайтарууну өнүктүрүүнүн чаралары тууралуу” чечимин баалоо болуп саналат.

Комментарий жиберүү