Павел Дуров Telegramды 30 миллиард долларга баалады

Telegram кроссплатформалык мессенжеринин түзүүчүсү Павел Дуров  жети жылда алгачкы ирет маалымат каражаттарына интервью берди.

Павел Дуров тарабынан айтылган кыска болжолдуу тезистердин окулушун (так сөзү болуп эсептелбейт)   Медуза басылмасы жарыялаган.

– Азыр Telegramдын 900 миллион колдонуучусу бар, ал эми 2021-жылы алар болгону 500 миллион эле.

– Биз реклама жана премиум-жазылуу киргизгенден кийин жүздөгөн миллион доллар киреше алуудабыз жана эгер бул жылы бобосо да, анда келерки жылы кирешелүү болобуз деп үмүт кылуудабыз.

– Биз монетизация баштагандыгыбыздын негизги себеби – биз көзкарандысыз бойдон калууну каалайбыз.

– Потенциалдуу инвесторлор компанияны $30 миллиардга баалашууда.

– Биз IPOнун бир нече варианттарын изилдеп жатабыз, сыягы биз акциянын бир бөлүгүн  Reddit сыяктуу ишенимдүү колдонуучуларга сатып алууну сунуштайбыз.

– Россиялык бийликтин Telegramга кысым көрсөтүүчү каражаты болот деген айыптоолор туура эмес. Модерация үчүн биз жасалма интеллект менен байланышкан механизмдерди ишке киргизебиз. Бирок эгер адамдар  «кызыл сызыкты» кесип өтүшпөсө, анда биз алар өздөрүн кандай көрсөтүшкөндүгүн көзөмөлдөбөшүбүз керек.

– Мен ар кандай идеялар менен талашып-тартышса болот деп эсептеймин – андай болбогон учурда  тез арада эле авторитаризмге кулап түшөбүз.

Комментарий жиберүү