Путин президенттик шайлоонун алдында россиялыктарга кайрылды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин үч күндүк мамлекет башчыны шайлоонун алдында россиялыктарга кайрылуу жасады. Биринчи каналдын эфиринде көрсөтүлгөн бул кайрылууда шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн алдыңкы жылдары өнүгүүсүнө таасир этери белгиленген.

“Урматтуу Россиянын жарандары, кадырлуу достор. Эртең, 15-мартта биздин эбегейсиз өлкөбүздүн аймагында шайлоо участоктору ачылат, Россиянын президентин тандоо боюнча үч күндүк шайлоо башталат.  Бул ирет Россияда шайлоо сегизинчи ирет өтүүдө жана демократиялык мамлекеттин негизги принциптери болгон кол тийбестигин, шайлоолордун   туруктуулугун көрсөтөт”, — деди Путин.

Президент шайлоону өтө маанилүү окуя деп атады. “Анын жыйынтыгы түздөн-түз алдыдагы жылдардагы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө таасир этет. Бул маанилүү, өтө жоопкерчиликтүү окуя. Ошондуктан учурдагы мамлекет башчысы катары бүгүн сиздерге кайрылуу зарыл деп эсептеймин “, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, Россиянын Федерация Кеңеши президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартында өткөрүүнү белгилеген. Добуш берүү үч күн: 15, 16 жана 17-мартта өтөт.

Мамлекет башчылык кызматка РФнын БШКсы тарабынан катталган төрт талапкер ат салышууда: Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин.

Комментарий жиберүү