Иран “мега илим” инфраструктурасын кеңейтүүдө

Иран Ислам Республикасы өнүккөн өлкөлөр менен бирге өзүнүн “мега илим” инфраструктурасын кеңейтүүдө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн алкагында Россия менен биргеликте PIK долбооруна активдүү катышууда.

Бул тууралуу Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчисинин орун басары Жавад Карими Сабет Россияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын алкагында “Мега илим инфраструктуралары” темасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Аталган масштабдуу иш-чара 1-7-март аралыгында Россиянын Сириус федералдык аймагында өтүп, ага дүйнөнүн 190 мамлекетинен келген 20 миңден ашык жаш лидерлер катышты. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болуп саналат.

Ал өз сөзүндө технологиянын өнүгүү тарыхына токтолуп, адамзат коомунун технологиялык өнүгүү тарыхы технология эч качан бүтпөй турганын көрсөткөнүн, ал бир толкундан экинчи толкунга өтүп, ар бир толкунда маданий, экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык жактан белгилүү бир өзгөчөлүктөр кеңири жайыларын белгиледи.

Анын айтымында, Иран технологиянын азыркы толкунуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын түшүнүп, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, дарылоо жана акырында өлкөдө туруктуу өнүгүүнү камтыган түрдүү тармактардын сандык жана сапаттык деңгээлин жогорулатуу үчүн өлкөдө мега-илимий инфраструктураны түзүүгө гана аракет кылбастан, ошондой эле мындай долбоорлорго жигердүү катышууну күн тартибине чоң олуттуулук менен киргизген жана PIK долбооруна мүчө болуу да да ушул тармакта.

PIK реактору – Россиянын «Илим» улуттук долбоорунун алкагында ишке ашырылган мега илим долбоорлорунун бири. Ал нейтрондорду, нейтрондук нурланууну изилдөөгө, микродүйнө объектилерин изилдөөгө, ошондой эле башка көптөгөн фундаменталдык жана прикладдык илимий багыттарды өнүктүрүүгө арналган. Иран 2023-жылы Санкт-Петербургдагы Б. П. Константинов атындагы өзөктүк физика институтунда PIK реакторунун базасында синхротрондук, нейтрондук жана лазердик изилдөөлөр боюнча эл аралык борбордун курамына кирген.

Ал Ирандын Россиянын PIK өзөктүк изилдөө реактору долбооруна мүчөлүгүнө токтолуп, бул долбоор «мега илим долбоорлорунда» Москва менен Тегерандын илимий-техникалык кызматташтыгынын негизи боло аларын белгиледи.

Карими Сабет PIK долбоорунда Иран менен Россиянын кызматташтыгынын деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө жогорулатуу боюнча башкаруу сунуштарын берип жатып, бул сунушту ишке ашыруунун  шарттары толуктоочу ресурстардын, жалпы максаттардын жана ар кандай рыноктук максаттардын болушунун аркасында толук даярдалганын билдирди.

“”Мега илим” долбоору жана ири илимий долбоорлор масштабдуу жана узак мөөнөттүү болуп саналат жана алар көп учурда олуттуу инвестицияны жана эл аралык кызматташтыкты талап кылат. Бул долбоорлор жалпысынан улуттук экономиканын ар кандай аспектилерине жана анын экономикалык өсүш, адам капиталын өнүктүрүү, технологиялык жетишкендиктер, улуттук имидж жана жумшак күч, ошондой эле эл аралык кызматташтык сыяктуу макрокомпоненттерине таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ”, – деди ирандык өкүл.

Ал белгилегендей, “мега илим” долбоорлорун ийгиликтүү өткөрүү же ага катышуу өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы аброюн көтөрүүгө жана анын илимий жетишкендиктерин жайылтууга жардам берет.

Карими Сабет «мега илим» долбоорлоруна басым жасоо менен туруктуу кызматташтыкты калыптандыруу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы «илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү башкаруунун» «системалык» механизмин түзүүнү сунуштады.

“Банк системасы, финансы институттары, жеке компаниялар, жөнгө салуучу институттар рыногу, мыйзам чыгаруучу институттар, өкмөт, тиешелүү тармак жана өлкөдөгү башкаруу системасынын башка компоненттери сыяктуу ар кандай компоненттер координацияланган жана стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлинде мега-илимий долбоорлордо илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнүн негизги максатына ылайык аракеттене алышы керек”, – деп белгилеген Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчисинин орун басары Жавад Карими.

Комментарий жиберүү