Путин: Россия АКШдагы шайлоого кийлигишпейт

Россия АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө кийлигишпейт, Москва америкалыктар добуш берген президент менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин журналист Дмитрий Киселев менен «Россия 1» жана РИА Новости телеканалдарына берген маегинде билдирди.

Маек учурунда Киселев Путинге буга чейин Жо Байден тажрыйбайлуу экенин, анын жеңиши Дональд Трамптын жеңишине караганда АКШдагы шайлоонун артыкчылыктуу натыйжасы болорун айтканын эске салган. Журналист орус лидеринен анын комментарийин шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүү катары баалоого болобу деп сураган.

“Биз бир дагы шайлоого кийлигишпейбиз. Америка эли, америкалык шайлоочу ишенген лидер менен иштешүүгө даярбыз”, – деп жооп берген Путин.

Мындан тышкары, Россия президенти АКШдагы шайлоо алдындагы кырдаалга токтолуп, ал барган сайын цивилизациялык эмес мүнөздө болуп баратканын белгилеп, Американын саясий системасын демократиялык деп айтууга болбой калганын кошумчалады.

Буга чейин, 6-мартта Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Америкадагы шайлоого эч качан кийлигишкен эместигин жана алдыдагы шайлоодо да кийлигишпей тургандыгын билдирген.

“Биз Америка Кошмо Штаттарындагы шайлоого эч качан кийлигишкен эмеспиз”, – деп баса белгилеген ал.

АКШдагы президенттик шайлоо

Учурда АКШда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Шайлоонун өзү 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген. Ага адаттагыдай эле демократтар жана республикачылар партиясынан бирден талапкер чыкмакчы.

Биринчилерден болуп Трамп 2022-жылдын ноябрында мамлекет башчысынын кызматына ат салышаарын жарыялаган. Кийинчерээк Байден да президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Трамп менен Байден Республикалык жана Демократиялык партиялардын негизги талапкерлери.

Комментарий жиберүү