Ооганстанда жер титирөөнүн курмандыктары 1150гө жетти

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы өлкөдөгү соңку жер титирөөнүн курман болгондордун саны 1150гө жеткенин маалымдады. Куткаруу-издөө иштери дээрлик аяктады.

22-июндагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны алгач 255 деп айтылса, кийин 920га жеткени айтылган.

“Бахтар” мамлекеттик агенттигинин директору Абдул Вахид Райан кабарлагандай, кеминде 1600дөй киши жараат алганы такталды.

Талибдердин Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккани зилзаладан жалпы 10 миң турак-жай жарым жартылай же толугу менен кыйрап калганын билдирди. Хаккани “Азаттыктын” ооган кызматына чыгымдын санын аныктоо, кырсык болгон жерлерге дары-дармек жана башка нерселерди жеткирүү толук мүмкүн болбой жатканын тактаган.

Күчү 6,1 баллга жеткен жер силкинүү Ооганстандын Пактика жана Хост провинцияларында катталган. Жер титирөө Пакистан менен Ооганстандан сырткары Индиянын айрым аймактарында да сезилди. Зилзала толкундары Кабулга, Исламабадга чейин жеткен.

“Талибан” кыймылы эл аралык уюмдарга кайрылып, жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарга жардам кылууну суранган. Кызыл Жарым ай жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программаларынын жергиликтүү мекемелери кырсыктаган аймактарга тамак-аштар, чатырларды жана уктоочу килемчелерди жеткирип жатат. 

Комментарий жиберүү