Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Сочиде Сирия боюнча Астана форматындагы 15-эл аралык жолугушуу аяктады.

Islam today маалымат порталы билдиргендей, Сочиде аяктаган Астана форматындагы Сирия боюнча 15-эл аралык жолугушуудан кийин Орусия, Түркия жана Иран биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Документте үч мамлекеттин Сириядагы ИШИМ жана Жабхат ан-Нусранын  террорчуларын биротоло жок кылуу үчүн кызматташууну улантууга максаты баса белгиленди.
Документте мындай айтылат: «Биз террорчулукка каршы күрөшүүнүн бардык түрлөрүндө жана көрүнүштөрүндө жана Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга жана коңшу мамлекеттердин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө багытталган сепаратисттик пландарга каршы турууга чечкиндүүлүгүбүздү тастыктадык.
 Биз ИШИМди, Жабхат ан-Нусраны жана Аль-Каидага же башка террордук топторго байланыштуу бардык  адамдар, топтор, ишканалар жана уюмдарды биротоло жок кылуу боюнча кызматташууну улантууга макулдаштык.”
Эл аралык гуманитардык укукка ылайык жарандардын жана жарандык инфраструктуранын корголушун камсыз кылуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан ушундай деп таанылды », – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, тараптар Сириянын суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө болгон пикирин дагы бир жолу ырасташты жана Сирия жаңжалы аскердик жол менен чечилбейт деген ишенимин билдиришти.
 Алар ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 резолюциясына ылайык, БУУнун жардамы менен сириялыктар өздөрү жетектеген жана ишке ашырган турмушка жарактуу жана узак мөөнөттүү саясий жараянды алга жылдырууга укуктуу экенин ырасташты.

Эске салсак, Астана форматындагы Сирия боюнча кезектеги эл аралык жолугушуу Нур-Султан шаарында 2021- жылдын орто ченинде өткөрүлөт.

Комментарий жиберүү