Ирандагы толкундоолордо 60ка жакын киши өлгөнү кабарланды

Ирандагы толкундоолордо 60ка жакын киши өлгөнү кабарланды

Иранда студент кыздын өлүмүнө байланыштуу тутанган элдик толкундоолордо кеминде 57 киши өлгөнүн өлкөдөгү Адам укуктары уюму билдирди. Уюмдун 25-сентябрдагы маалыматына караганда, Иранда интернет чектелгендиктен каза болгондордун санын так аныктоо мүмкүн эмес. Расмий маалыматтарга караганда, демонстранттар жана күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан 41 киши каза болду. 22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктар он күндөн бери уланып келет. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону…

Прочитайте больше

Россияда мектепте ок атылды. Мерт болгондордун көбү окуучулар

Россияда мектепте ок атылды. Мерт болгондордун көбү окуучулар

 Россиянын Ижевск шаарындагы №88 мектепте белгисиз куралчан адам тарабынан атылган октон 13 киши мерт болду. Маалыматка караганда, ок тийип каза болгондордун жетөө мектеп окуучулары. Мындан тышкары, 20га жакын киши жарадар болду. Балдардын көбү мектептин терезесинен секирип оор жаракат алышкан. Окуя бүгүн, 26-сентябрь эртең менен болгон. Удмуртиянын башчысы Александр Бречалов куралдуу кол салуудан 20га жакын адам жабыркаганын билдирди.  Учурда каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча так маалыматтар такталууда. Ок аткан адам окуядан кийин өз жанын кыйган, анын…

Прочитайте больше