Кытайдагы жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 46га жетти

Кытайдагы жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 46га жетти

Кытайда күчү 6,8 баллга жеткен жер титрөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 46га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдиргенин Синьхуа агенттиги жазды. Жер титирөө түштүк-батыштагы Сычуань провинциясында болгон. Кытайдын сейсмология борбору жер титирөөнүн очогу Лудин уездинен 39 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирди. Маалыматка караганда, Ганзиде 29 адам, Яань аймагында 17 адам каза болгону такталып, дагы16 адам дайынсыз болуп жатат. Жоготуулардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Сычуандагы жер титирөөгө байланыштуу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп,…

Прочитайте больше

Тажикстандагы ооган качкындары өз мекенине күч менен чыгарылуудабы?

Тажикстандагы ооган качкындары өз мекенине күч менен чыгарылуудабы?

Тажикстандан башпаанек тапкан ооган качкындары тажик президенти Эмомали Рахмонго ачык кат менен кайрылышты. Бул тууралуу “Avesta” маалымат агенттиги жазды. Качкындар өз кайрылууларында мамлекет башчысын качкындарды жана башпаанек издегендерди талиптер бийликте турган Ооганстанга мажбурлап кайтаруу процессин токтотууну суранышты. Соңку күндөрү Тажикстандын аймагынан 100дөн ашуун ооган качкындары өз мекенине күч менен чыгарылганы кабарланган.Бирок тажик бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бербей жана мындай аракеттердин себептерин түшүндүрө элек. “Көптөгөн оогандыктар тирүү калып, балдарына келечек тартуулоо үчүн өз үйлөрүн…

Прочитайте больше

Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөдө адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. “Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм. Ушул оор мезгилде биз орду толгус…

Прочитайте больше

Иран Европаны энергетика менен камсыз кылууга даяр

Иран Европаны энергетика менен камсыз кылууга даяр

Иран өзөктүк программасы боюнча келишим жанданса, Тегеран Европа өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы муктаждыктарын камсыз кыла алат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани кечээ, 5-сентябрда маалымат жыйынында билдиргенин иран басылмалары жазышты. Насер Канани Украина кризисин жана Европанын энергетика тармагындагы көйгөйлөрүн эске алуу менен, Европа Ирандын энергетикалык потенциалына өтө муктаж экенин белгиледи. “Эгер өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр аяктап, Тегеранга каршы санкциялар алынса, анда Иран Европанын көпчүлүк муктаждыктарын, айрыкча энергетикалык ресурстар менен камсыз кыла алат”, –…

Прочитайте больше