Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 22:30га карата берген маалыматта кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 129 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат. 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады. Чек ара…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаал тууралуу эларалык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады

Кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаал тууралуу эларалык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу билдирүү жасады. Анда жабыркагандарга көңүл айтып, мындай чатак жалпы аймактагы кырдаалдын туруксуздугуна алып келери белгиленген. “Евробиримдик жума күнү тараптар жетишкен макулдашууларды кубаттайт. Биз эки тарапты тең ок атууну токтотууга, чыңалууну басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерди кылууга, маселени тынч жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз”,- деп жазылган билдирүүдө. Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана уюмдун баш катчысы Хельга Шмид 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен…

Прочитайте больше

С.Жапаров: «Жерибиздин бир чарчы метрин да башкаларга бербейбиз»

С.Жапаров: «Жерибиздин бир чарчы метрин да башкаларга бербейбиз»

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу кыргыз-тажик чек ара жаңжалына байланыштуу кыргыз элине кайрылды. Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу калайык-журт! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя – курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды. Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул-куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду. Мен Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин…

Прочитайте больше

Тажик аскерлери Чоң-Алай району тараптан да аткылай башташты

Тажик аскерлери Чоң-Алай району тараптан да аткылай башташты

КР УКМКнын Чек ара кызматынын саат 11:30га карата маалыматы. 💠КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирүүсү боюнча, 2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:30да КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Республика Тажикстандын аскер кызматкерлеринин Достук айылына минометтук чабуулун басышты. 💠Андан кийин саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин позицияларын жана бөлүктөрүн аткылашты. 💠Учурда атышуу токтотулду. 💠 Окуя боюнча иликтөө иштери башталды. 💠 Ок атышууну токтотуу келишимин…

Прочитайте больше