Кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаал тууралуу эларалык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу билдирүү жасады.

Анда жабыркагандарга көңүл айтып, мындай чатак жалпы аймактагы кырдаалдын туруксуздугуна алып келери белгиленген.

“Евробиримдик жума күнү тараптар жетишкен макулдашууларды кубаттайт. Биз эки тарапты тең ок атууну токтотууга, чыңалууну басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерди кылууга, маселени тынч жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз”,- деп жазылган билдирүүдө.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана уюмдун баш катчысы Хельга Шмид 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөштү. Анда эл аралык уюмдун жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тереңдетпөө жана аны тынч жол менен чечүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышка байланыштуу башка бир катар мамлекет башчылары да кабатырлыгын билдиришүүдө.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар кабатырлануу жаратканы тууралуу билдирүү жарыялады.

“Ынтымакта коңшулаш жашап келген эки элдин ортосундагы чыңалуу тез арада токтоп, маселе тынч, дипломатиялык жол менен чечилерине ишенебиз”,- деп жазылган маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышка кабатырлыгын Түрк мамлекеттеринин уюму да 16-сентябрда билдирип, тараптарды тынчтыкка үндөгөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда ок атылып, ага эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. Ок атууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдөн соң, 16-сентябрь таңга жуук кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча тажик тараптан ок атылганын Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы кабарлаган.

Тажикстандын “Ховар” агенттиги тажик УКМКсынын Чек ара кызматына шилтеме кылып, кыргыз тарап тажик айылдарына кол салганын жазган.

16-сентябрь күнү эки тараптын УКМК, Чек ара жана жергиликтүү бийлик башчыларынын деңгээлинде үч ирет жолугушуу болуп, ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишилген. Бирок кайра эле атышуулар уланган. 16-сентябрда кечке жуук эки өлкөнүн лидерлери – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында жолугуп, кырдаалды талкуулашкан. Ок атышууну толук токтотуу, аскерлерин чек арадан алып кетүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын чек ара кызматы Макулдашууларга карабай, Тажикстан тараптан аткылоо уланып, тажик аскерлери саат 22:20да “Тамдык” чек ара бекетин аткылаганын маалымдады.

Тажикстандын Чек ара кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.

16-сентябрдагы кагылышта кеминде 24 адам мерт болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланды. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

“Озоди” радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жараат алгандар да бар экенин жазды.
Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок. 

Комментарий жиберүү