С. Жапаров менен А. Лукашенко кыргыз-тажик чекара жаңжалын сүйлөштү

С. Жапаров менен А. Лукашенко кыргыз-тажик чекара жаңжалын сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Беларусь Президенти  Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты

Прочитайте больше

Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

 Тажикстан мурда пландалган куралдуу агрессия жасады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 14-17-сентябрында өзүнүн эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан Республикасынын биздин мамлекетке каршы алдын ала пландалган, куралдуу агрессивдүү актысы катары баалай турганын билдирүүнү зарыл деп эсептейт. Тажик тараптын адамкерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 46 жараны каза болуп, 140 жараны жарадар болгон. 140 миңдей адам мажбурлап эвакуацияланды жана ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилди. Тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасады” деген негизсиз айыптоолорун…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

 Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытай армиясын “согушка даярданууга” көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу  Xinhua агенттиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, мамлекет башчы Пекинде өткөн улуттук коргонуу жана аскердик реформа боюнча конференциянын катышуучуларына ушундай тапшырма берген. “Ийгиликтүү реформалоо тажрыйбасын жалпылап, колдонуу, жаңы кырдаалды жана милдеттердин талаптарын түшүнүү, согушка даярданууга көңүл буруу зарыл. Ошондой эле изилдөө жана инновация киргизүү үчүн тайманбастык керек, – деген Кытай лидери. Кытай лидери өзгөртүүлөр өлкөнүн армиясында жаңы система жана структурага жетишүүгө мүмкүндүк…

Прочитайте больше

Шойгу: Украина армиясынын жоготуулары 100 миңден ашты

Шойгу: Украина армиясынын жоготуулары 100 миңден ашты

Россиянын Коргоо министри Украинадагы атайын аскердик операция учурунда эки тараптан тең болгон жоготуулардын санын атады. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинада аскердик операция башталгандан бери каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны 100 миңден ашканын билдирди. Ошол эле учурда ал орус армиясынын жоготуулары бир нече эсе аз экенин белгиледи. Шойгу аскердик операция башталгандан бери азыркы тапка чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 100 миңден ашканын, алардын ичинен 61 миң 207 адам набыт болуп, 49 миң 369 киши жаракат алганын…

Прочитайте больше