Шойгу: Украина армиясынын жоготуулары 100 миңден ашты

Россиянын Коргоо министри Украинадагы атайын аскердик операция учурунда эки тараптан тең болгон жоготуулардын санын атады.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинада аскердик операция башталгандан бери каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны 100 миңден ашканын билдирди.

Ошол эле учурда ал орус армиясынын жоготуулары бир нече эсе аз экенин белгиледи.

Шойгу аскердик операция башталгандан бери азыркы тапка чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 100 миңден ашканын, алардын ичинен 61 миң 207 адам набыт болуп, 49 миң 369 киши жаракат алганын билдирди.

Ал ошондой эле ушул жылдын февраль айынын аягында башталган аскердик аракеттерде Россиянын куралдуу күчтөрү 5937 аскерин жоготконун айтты.

Белгилей кетсек, Россиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу маалыматты Коргоо министрлиги 25-мартта жарыялап, анда 1351 аскер кызматкери өлгөнү кабарланган.

Кечээ, 21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Путин мындай чечим Россиянын эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн сактоо зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын айтып, аскерге Россиянын запастагы жарандары гана чакырыла турганын баса белгиледи.

Коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациянын алкагында жалпы жонунан 300 миң резервист чакырыларын билдирди.

Комментарий жиберүү