Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

 Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытай армиясын “согушка даярданууга” көңүл бурууга чакырды.

Бул тууралуу  Xinhua агенттиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы Пекинде өткөн улуттук коргонуу жана аскердик реформа боюнча конференциянын катышуучуларына ушундай тапшырма берген.

“Ийгиликтүү реформалоо тажрыйбасын жалпылап, колдонуу, жаңы кырдаалды жана милдеттердин талаптарын түшүнүү, согушка даярданууга көңүл буруу зарыл. Ошондой эле изилдөө жана инновация киргизүү үчүн тайманбастык керек, – деген Кытай лидери.

Кытай лидери өзгөртүүлөр өлкөнүн армиясында жаңы система жана структурага жетишүүгө мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.

Си Цзинпин армияны реформалоонун максаттарына жетүү үчүн планды так аткарууну тапшырды. Реформанын алкагында Кытайдын куралдуу күчтөрүндө аскерлердин бардык түрлөрүн бир командалыкка бириктирүү, ошондой эле элиталык күжүрмөн бөлүктөрдү түзүү пландалган.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпиндин бул билдирүүсү Кытай менен Тайвандын мамилесинин начарлашынын фонунда айтылды.

Комментарий жиберүү