Акжол Махмудов Дүйнө чемпиону болду

Акжол Махмудов Дүйнө чемпиону болду

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмагындагылар арасында Дүйнө чемпиону болду. Финалдык кармашта венгриялык Золтан Леваи менен кез келип, балбаныбыз атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (8:0 эсебинде). Муну менен Махмудов Кыргыз курамасынын капчыгына алгачкы алтын медалды салды. Кошумчалай кетсек, Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи өтүүдө.

Прочитайте больше

Рим папасы Франциск Казакстанга барат

Рим папасы Франциск Казакстанга барат

Рим папасы Франциск 13-сентябрда Казакстанга үч күндүк сапары башталарын, анда дүйнөлүк жана салттуу диндердин башчыларынын жыйынына катышарын кабарлады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин көп тараптуу кызматташтык департаментинин директору Дидар Теменовдун айтымында, бул жылы конгресске 50 өлкөдөн 100гө жакын өкүл келет. Рим папасы Франциск бул сапарында Орусиянын Украинага кол салышын актоого аракет кылган Орусиянын патриархы Кирилл менен жолугуу ниетин билдирген. Бирок Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы конфессиялар аралык жыйынга катышуудан баш тартты. Ал буга чейин орус аскерлерин актаган…

Прочитайте больше

Россия Украинаны капитуляция кылууну көздөөдө

Россия Украинаны капитуляция кылууну көздөөдө

Кремль Медведевдин Киевдин капитуляцияланышы зарыл экендиги тууралуу  сөзүнө түшүндүрмө берди. Песков Россия Украинадагы атайын операцияда алдыга коюлган баардык максаттарга жетүүгө умтула тургандыгын билдирди. Россия атайын аскердик операциянын жүрүшүндө баардык алдыга коюлган максаттар аткарылышына умтула тургандыгын баса белгиледи. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин Киевдин капитуляция болушу тууралуу сөзүн Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргендигин ТАСС агенттиги жазды. «Албетте, Россия атайын аскердик операциянын алдында турган баардык максаттарга жетүүгө аракет кылат», — деди мамлекет башчынын пресс-катчысы. Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда Коопсуздук…

Прочитайте больше

Түркияда НАТОнун деңиз күчтөрүнүн машыгуулары башталды

Түркияда НАТОнун деңиз күчтөрүнүн машыгуулары башталды

Түркияда НАТОго кирген 15 өлкөнүн катышуусунда  альянстын аскер-деңиз машыгуулары башталды. Бул тууралуу Milliyet басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды. Басылманын маалыматына караганда, Жер Ортолук жана Эгей деңиздериндеги Dynamic Mariner – Mavi Balina – Nusret – 2022 масштабдуу маневрлери 11-сентябрда башталган жана 22-сентябрга чейин уланат. 2023-жылдын 1-январынан тарта НАТОнун Тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн деңиз бөлүгүнүн командачылыгы Лондондон Анкара өтөт. Машыгууларга Түркияда курулган “Санжактар” амфибиялык чабуулчу кемеси жана жеңил учак ташуучу катары конфигурациялана турган “Анадолу” универсалдуу десанттык кемеси…

Прочитайте больше

Келишим түзүлдү: Кытай Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташыйт

Келишим түзүлдү: Кытай Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташыйт

Кытай Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташый баштайт. Бул тууралуу Ооганстандын темир жол башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Ташкент шаарында Ооганстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдын темир жол ведомстволорунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жаңы экономикалык коридор түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстандын жана Өзбекстандын темир жолу аркылуу Ооганстанга коммерциялык жүктөрдү үстүбүздөгү сентярбь айынын ичинде башталмакчы. “Биз үч өлкө менен, анын ичинде жеке менчик компания менен макулдашууга жетиштик. Жакынкы күндөрү ийне-жибине чейин макулдашылып, толук түрдө бекитилет”, – деп…

Прочитайте больше