Келишим түзүлдү: Кытай Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташыйт

Кытай Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга товар ташый баштайт.

Бул тууралуу Ооганстандын темир жол башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Ташкент шаарында Ооганстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдын темир жол ведомстволорунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жаңы экономикалык коридор түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Ага ылайык, Кыргызстандын жана Өзбекстандын темир жолу аркылуу Ооганстанга коммерциялык жүктөрдү үстүбүздөгү сентярбь айынын ичинде башталмакчы.

“Биз үч өлкө менен, анын ичинде жеке менчик компания менен макулдашууга жетиштик. Жакынкы күндөрү ийне-жибине чейин макулдашылып, толук түрдө бекитилет”, – деп билдирди өлкөнүн Темир жол башкармалыгынын жетекчиси Бахт Рахман Шарафт.

Келишимге ылайык, Кытайлык компания бир рейс менен 3500дөн 5000ге чейин контейнерде товар ташып келери, бул Пакистан аркылуу өткөн каттамдан алда канча ыңгайлуу болору күтүлүүдө.

Кытайдан жүк алгач Кыргызстанга келип, андан соң Өзбекстан темир жолу аркылуу Балх облусуна барып, түшүрүлөт. Ошондой эле бул коридор аркылуу Ооганстандын ички продукциясы жана транзиттик Кытайга экспорттолуп турат.

Комментарий жиберүү