Түркияда НАТОнун деңиз күчтөрүнүн машыгуулары башталды

Түркияда НАТОго кирген 15 өлкөнүн катышуусунда  альянстын аскер-деңиз машыгуулары башталды.

Бул тууралуу Milliyet басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Жер Ортолук жана Эгей деңиздериндеги Dynamic Mariner – Mavi Balina – Nusret – 2022 масштабдуу маневрлери 11-сентябрда башталган жана 22-сентябрга чейин уланат. 2023-жылдын 1-январынан тарта НАТОнун Тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн деңиз бөлүгүнүн командачылыгы Лондондон Анкара өтөт.

Машыгууларга Түркияда курулган “Санжактар” амфибиялык чабуулчу кемеси жана жеңил учак ташуучу катары конфигурациялана турган “Анадолу” универсалдуу десанттык кемеси тартылат.

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия менен Швециянын альянска мүчөлүгү боюнча Түркия менен пикир келишпестиктер дагы эле уланып жатканын билдирген.

Ошондой эле, учурда НАТОго кирген 30 өлкөнүн 24ү, анын ичинде АКШ Хельсинки менен Стокгольмду блокко кабыл алуу жөнүндө протоколго кол коюшканын маалымдады.

Комментарий жиберүү