Россия Украинаны капитуляция кылууну көздөөдө

Кремль Медведевдин Киевдин капитуляцияланышы зарыл экендиги тууралуу  сөзүнө түшүндүрмө берди.

Песков Россия Украинадагы атайын операцияда алдыга коюлган баардык максаттарга жетүүгө умтула тургандыгын билдирди.

Россия атайын аскердик операциянын жүрүшүндө баардык алдыга коюлган максаттар аткарылышына умтула тургандыгын баса белгиледи. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин Киевдин капитуляция болушу тууралуу сөзүн Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргендигин ТАСС агенттиги жазды.

«Албетте, Россия атайын аскердик операциянын алдында турган баардык максаттарга жетүүгө аракет кылат», — деди мамлекет башчынын пресс-катчысы.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары  Дмитрий Медведев азыркы  Украинанын президенти Владимир Зеленский айтып жаткан Россия сунуштаган «ультиматумдар» – келечектеги талаптардын алдындагы балдардын оюну. Украинанын лидери  «ультиматумдар»: Киевдин Россиянын шарты менен түп орду менен капитуляцияланышы, деп кошумчалады саясатчы.

12-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский азыркы учурда Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр эмес экендигин билдирген. Мындан тышкары ал «ультиматум койгондор менен» диалог жүргүзүүдөн баш тарткан.

Комментарий жиберүү