Рим папасы Франциск Казакстанга барат

Рим папасы Франциск 13-сентябрда Казакстанга үч күндүк сапары башталарын, анда дүйнөлүк жана салттуу диндердин башчыларынын жыйынына катышарын кабарлады.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин көп тараптуу кызматташтык департаментинин директору Дидар Теменовдун айтымында, бул жылы конгресске 50 өлкөдөн 100гө жакын өкүл келет.

Рим папасы Франциск бул сапарында Орусиянын Украинага кол салышын актоого аракет кылган Орусиянын патриархы Кирилл менен жолугуу ниетин билдирген. Бирок Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы конфессиялар аралык жыйынга катышуудан баш тартты. Ал буга чейин орус аскерлерин актаган сөздөрдү айтып, Орусия эч кимге кол салбаганын белгилеген, бирок согушту ачык колдоп сүйлөгөн эмес.

Рим папасы менен Орусиянын патриархы Кирилл биринчи жолу 2016-жылы жолуккан. Быйыл жыл башына пландалган экинчи жолугушуусу Украинадагы согушка байланыштуу токтотулган.

Комментарий жиберүү