Армения чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУдан жардам сурайт

Армения чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУдан жардам сурайт

Армения Азербайжан менен чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинен  жардам сурап кайрылат. Мындай чечим республиканын премьер-министри Никол Пашинян өткөргөн коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы  билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Азербайжандын түн жарымында Армениянын суверендүү аймагына карата баштаган агрессивдүү аракеттерине каршы мындан аркы кадамдар талкууланды. Армения Республикасынын суверендүү аймагына каршы жасалган агрессияга байланыштуу, достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишимдин жоболорун ишке ашыруу максатында Россия Федерациясына, ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим…

Прочитайте больше

Германияда электр энергиясы 15эсе, газ 10эсе кымбаттайт

Германияда электр энергиясы 15эсе, газ 10эсе кымбаттайт

Германия катуу энергетикалык кризистен улам өнөр жай системасынан кол жууп калышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык The Economist журналынын автору макала жазды. Анын айтымында, Германия Россиядан келген арзан энергиядан, ошондой эле чоң суроо-талап менен Кытай тарабынан өндүрүлгөн продукцияны сатып алуудан көз каранды болгон “Улуттук бизнес модели” катуу сыноодон өтүп жатат. Ал эми Германиянын BDI өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси Зигфрид Руссвурм өлкөнүн өнөр жайы чоң коркунучта турганын эскертти. Анын айтымына караганда, көптөгөн ишканаларды өтө кооптуу абал күтүп…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Ирандын президенти Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 14-16-сентябрда Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Ал Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматынан билдиришти. “Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында өлкөбүзгө расмий сапар менен келет”, — деп айтылат маалыматта. Маалыматка караганда, өзбек-иран жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү Самаркандда өтөт. 15-16-сентябрда Раиси ШКУнун Самарканддагы саммитинин иш-чараларына да катышат. “Лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин карашы күтүлүүдө”, —…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Самарканддагы ШКУнун саммитине катышат

Садыр Жапаров Самарканддагы ШКУнун саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 14-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.        “ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматындагы көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат.  Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясына кол коюлат. Ошондой эле, ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, социалдык-маданий жана башка…

Прочитайте больше

Токаев Нур-Султанды Астана деп өзгөртүүгө макул болду

Токаев Нур-Султанды Астана деп өзгөртүүгө макул болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламент депутаттарынын борбор калаанын азыркы Нур-Султан деген аталышын мурдагы Астана аталышына кайтаруу сунушуна макул болгонун президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди. Маалыматка караганда, депутаттардын бул сунушу конституциялык мыйзам долбоорунда камтылды. “Белгилүү болгондой, парламент депутаттарынын тобу Казакстандын борборунун мурдагы Астана аталышын кайтарууну сунуштаган. Президентке депутаттардын бул демилгеси  тууралуу маалымат берилди. Парламентарийлердин сунушу өлкө башчысынын макулдугу менен Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди”, – деп жазган Желдибай. Ошол эле учурда президент Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын заманбап мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу жана…

Прочитайте больше