Германияда электр энергиясы 15эсе, газ 10эсе кымбаттайт

Германия катуу энергетикалык кризистен улам өнөр жай системасынан кол жууп калышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык The Economist журналынын автору макала жазды.

Анын айтымында, Германия Россиядан келген арзан энергиядан, ошондой эле чоң суроо-талап менен Кытай тарабынан өндүрүлгөн продукцияны сатып алуудан көз каранды болгон “Улуттук бизнес модели” катуу сыноодон өтүп жатат.

Ал эми Германиянын BDI өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси Зигфрид Руссвурм өлкөнүн өнөр жайы чоң коркунучта турганын эскертти. Анын айтымына караганда, көптөгөн ишканаларды өтө кооптуу абал күтүп турат.

Ошондой эле, ал бул абал немис өндүрүүчүлөрүнөн катуу көз каранды болгон өндүрүш дүйнөсү катуу жабыркашы мүмкүн.

Руссвурмдун айтымында, немис өнөр жайынын алдында турган эң чоң көйгөй – энергиянын кымбатташы жана келерки жылы электр энергиясынын баасы 15 эсе, газдын баасы 10 эсе кымбаттайт.

Басылманын маалыматына караганда, өлкөдө энергетика каатчылыгынан чакан ишканалар, анын ичинде нан өндүрүшү көбүрөөк жапа чегип жатат.

Өлкөдө нандын үч миңден ашуун сорту чыгат. Учурда бул тармактагы 10 миңдей өндүрүшчү кыйналып жатат.  Алар электр энергиясын катуу үнөмдөөгө аргасыз болуп жатышат.

Комментарий жиберүү