Токаев Нур-Султанды Астана деп өзгөртүүгө макул болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламент депутаттарынын борбор калаанын азыркы Нур-Султан деген аталышын мурдагы Астана аталышына кайтаруу сунушуна макул болгонун президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.

Маалыматка караганда, депутаттардын бул сунушу конституциялык мыйзам долбоорунда камтылды.

“Белгилүү болгондой, парламент депутаттарынын тобу Казакстандын борборунун мурдагы Астана аталышын кайтарууну сунуштаган. Президентке депутаттардын бул демилгеси  тууралуу маалымат берилди. Парламентарийлердин сунушу өлкө башчысынын макулдугу менен Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди”, – деп жазган Желдибай.

Ошол эле учурда президент Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын заманбап мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу жана борбордун калыптанышындагы чечүүчү ролун тарыхый факт катары эсептейт.

“Ошондуктан, биринчи президенттин атын алып жүргөн башка объекттер өз аталыштарын сактап калуусу керек”, – деди президенттин басма сөз катчысы.

Буга чейин Казакстан парламентиндеги “Жаңа Қазақстан” депутаттык тобунун мүчөлөрү борбор калаанын азыркы Нур-Султан деген аталышын мурдагы Астана аталышына кайтаруу боюнча демилге көтөрүшкөн.

Эске салсак, Казакстандын борбор шаарынын аталышы 2019-жылы өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн.

Кезинде шаардын аталышынын өзгөртүлүшү бир топ нааразылыктарды жараткан.

Акыркы жолу ушул жылдын январь айындагы тополоңдо борбордун аталышын мурдагысына кайтаруу талаптары айтылып, активисттер тарабынан петициялар кабыл алынган.

Комментарий жиберүү