Армения чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУдан жардам сурайт

Армения Азербайжан менен чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинен  жардам сурап кайрылат.

Мындай чечим республиканын премьер-министри Никол Пашинян өткөргөн коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы  билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Азербайжандын түн жарымында Армениянын суверендүү аймагына карата баштаган агрессивдүү аракеттерине каршы мындан аркы кадамдар талкууланды. Армения Республикасынын суверендүү аймагына каршы жасалган агрессияга байланыштуу, достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишимдин жоболорун ишке ашыруу максатында Россия Федерациясына, ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна жана Бириккен Улуттардын Уюмунун Коопсуздук Кеңешине расмий түрдө кайрылуу чечими кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ереван Азербайжандын аскерлери 13-сентябрга караган түнү оор артиллерия, учкучсуз аппараттарды жана миномётторду колдонуп Армения аймагын аткылаганын кабарлаган. Натыйжада абал курчуп, армян тарапта каза болгондор жана жарадарлар бар экени айтылган.

Өз кезегинде Баку Армениянын күчтөрү чек арада азербайжан аскерлеринин позициясына ок атып, кагылышуу болгонун билдирди.

Азербайжандын коргоо министрлиги алар тараптан дагы жоготуулар болгонун билдирди.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россия жана Франция президенттери Владимир Путин жана Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө чек арадагы кырдаалды талкуулады.

Комментарий жиберүү