Тажик жарандары: Рахмон кыргыздарды душман көрсөткүсү келет

Тажик жарандары: Рахмон кыргыздарды душман көрсөткүсү келет

Тажикстандын жарандары социалдык тармактарга Эмомали Рахмон чек арадагы абалды курчутуп, кыргыздарды душман көрсөткүсү келээрин ачык айтып чыгууда. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттин жарандары Рахмондун мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеп чыгууда. Алардын айтымында элден мамлекеттин ичиндеги ички саясий көйгөйлөрдү жашырып, бийлигин күчөтүү үчүн Рахмон чек арадагы чырларды байма-бай уюштуруп келет.

Прочитайте больше

Ооганстанда мечиттин жанындагы жарылуудан жети адам өлдү

Ооганстанда мечиттин жанындагы жарылуудан жети адам өлдү

Кабулда мечиттин жанындагы жарылуудан 7 адам өлүп, 41 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү кабарлады. 23-сентябрдагы жарылуу Вазир Акбар-Хан районунда катталды. Бул кварталда мурда бир катар чет элдик элчиликтер, НАТОнун өкүлчүлүгү жайгашкан, учурда аны талибдер көзөмөлдөйт. Талибдердин өкмөтүнүн маалыматына караганда, жарылуу жума күнкү намаздан чыгып бараткан учурда катталган. Жардырууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерди курчоого алып, тергөө иштерин алып барууда. Кабулдун полициясынын өкүлү…

Прочитайте больше

Россиядагы мобилизация. Казакстанга кирүү үчүн кезекте турган чет өлкөлүктөрдүн саны көбөйдү

Россиядагы мобилизация. Казакстанга кирүү үчүн кезекте турган чет өлкөлүктөрдүн саны көбөйдү

Казакстандын Чек ара кызматы казак-орус чек арасында өлкөгө кирүү үчүн кезекте турган чет өлкөлүктөрдүн саны кескин көбөйгөнүн ырастады. “Жүргүнчүлөр менен транспорт каражаттарынын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу төрт чек ара бекетинде кезектер жаралды. Ал жактагы абал өзгөчө көзөмөлдө турат. 30 автоунаа өткөрүү бекети штаттык режимде иштеп жатат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Чек ара кызматы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте “чек арадагы өткөрүү бекеттериндеги коопсуздуктун жана коомдук тартиптин сакталышы камсыздалып жатканын” белгиледи. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Миграциялык…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстанды ЖККУдан чыгаруу маселесин көтөрдү

Кыргызстан Тажикстанды ЖККУдан чыгаруу маселесин көтөрдү

 Кыргызстан Тажикстанды ЖККУдан чыгаруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу кечээ, 22-сентябрда өткөн тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ал кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Кыргызстандын позициясын дагы бир жолу баса белгилеп, өлкө маселени тынчтык жолу менен гана чечүүгө ниеттенип жатканын билдирди. “Эки мамлекеттин ортосунда келип чыккан маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керек. Эгер кимдир бирөө күч колдонууга аракет кылса, аны уюмдан чыгарууну сунуштайбыз. ЖККУга мүчө болуп, тышкы коркунучтан коргонууну күтүп, бирок уюмдун ичиндеги кайсы бир өлкө…

Прочитайте больше

Чет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер Баткендеги талкаланган айылдарга барышты. Сүрөт

Чет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер Баткендеги талкаланган айылдарга барышты. Сүрөт

  Кыргызстандагы чет өлкөнүн 20дан ашуун дипломаттары жана ЖМК өкүлдөрү Тажикстандын 14-17-сентябрда Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун айылдарына барышты.  Дипломаттар, эл аралык уюмдардын, ошондой эле журналисттер Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту. Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди…

Прочитайте больше