Россиядагы мобилизация. Казакстанга кирүү үчүн кезекте турган чет өлкөлүктөрдүн саны көбөйдү

Казакстандын Чек ара кызматы казак-орус чек арасында өлкөгө кирүү үчүн кезекте турган чет өлкөлүктөрдүн саны кескин көбөйгөнүн ырастады.

“Жүргүнчүлөр менен транспорт каражаттарынын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу төрт чек ара бекетинде кезектер жаралды. Ал жактагы абал өзгөчө көзөмөлдө турат. 30 автоунаа өткөрүү бекети штаттык режимде иштеп жатат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

  • Чек ара кызматы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте “чек арадагы өткөрүү бекеттериндеги коопсуздуктун жана коомдук тартиптин сакталышы камсыздалып жатканын” белгиледи.

Бүгүн Ички иштер министрлигинин Миграциялык кызматы 2022-жылдын башынан бери Казакстанга 4,3 миллион чет өлкөлүк келгенин, алардын 1,6 миллиону россиялыктар экенин билдирди.

Ал ортодо Мамлекеттик кирешелер комитети Россияда мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан бери Россиядан Казакстанга кирген жеңил автоунаалардын саны 20% көбөйгөнүн кабарлады. Бүгүнкү күндө автоунаалардын топтолуусу Актөбө, Атырау, Батыш-Казакстан жана Костанай облустарында байкалууда.

21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Москвадан орус жарандары визасыз кете ала турган өлкөлөргө билеттер бир нече сааттын ичинде эле сатылып кеткен.

Россиянын башка өлкөлөр, анын ичинде Казакстан менен чек арасында автоунаалардан турган узун кезектер жаралган.

Комментарий жиберүү