Кыргызстан Тажикстанды ЖККУдан чыгаруу маселесин көтөрдү

 Кыргызстан Тажикстанды ЖККУдан чыгаруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу кечээ, 22-сентябрда өткөн тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Кыргызстандын позициясын дагы бир жолу баса белгилеп, өлкө маселени тынчтык жолу менен гана чечүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

“Эки мамлекеттин ортосунда келип чыккан маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керек. Эгер кимдир бирөө күч колдонууга аракет кылса, аны уюмдан чыгарууну сунуштайбыз. ЖККУга мүчө болуп, тышкы коркунучтан коргонууну күтүп, бирок уюмдун ичиндеги кайсы бир өлкө менен чыр чыгып жатса, ал эмне үчүн керек? Биздин өлкөлөргө мындай учурларды караган уставдын айрым бөлүктөрүн кайра карап чыгууга убакыт жетти”, – деген Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Ошол эле учурда Иманкулов Кыргызстан тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылып жатканын баса белгиледи.

“Тажикстан бизге душман эмес, дос өлкө. Биз кылымдар бою жанаша жашап келгенбиз. Тажик элинин буга эч кандай тиешеси жок. Алар кырдаалдын, болуп жаткан саясаттын жана саясатчылардын барымталары. Кыргызстанга карата жасалып жаткан бул саясат кайра каралмайынча жакшылык болбойт, мындай чыр-чатактар кайталана берет”, – деди ал.

Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу башталган. 16-сентябрдан баштап чек аранын бардык периметрлери боюнча ок атуулар күч алып, Баткен облусунун тургундары эвакуацияланган.

УКМК кагылышууда тажик аскердик оор техникаларды, жалындуу от чыгарган ракеталык системаларды (РСЗУ) жана авиацияны колдонгонун билдирген. Тараптар ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолу макулдашкан. Бирок Тажикстандын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан.

Кагылышууда  59 кыргызстандык набыт болуп, 198 адам жаракат алды.

Комментарий жиберүү