Чет өлкөлүк дипломаттар жана журналисттер Баткендеги талкаланган айылдарга барышты. Сүрөт

  Кыргызстандагы чет өлкөнүн 20дан ашуун дипломаттары жана ЖМК өкүлдөрү Тажикстандын 14-17-сентябрда Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун айылдарына барышты. 

Дипломаттар, эл аралык уюмдардын, ошондой эле журналисттер Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди көрсөтүштү.

Баткенге Франция, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Украина, Кытай, АКШ, Венгрия, Түштүк Корея, Иран, Беларусь, Монголия, Пакистан, Катар, Индия, Россия жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү барышты.

Мындан тышкары, Европа Биримдиги, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Эл аралык Кызыл Крест, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондусу сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Чили, Сан-Марино, Португалия жана Кипрдын ардактуу консулдары да барган.

Белгилей кетсек, Тажикстан тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган. 

Ошондой эле 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.

Комментарий жиберүү