Ооганстанда мечиттин жанындагы жарылуудан жети адам өлдү


Кабулда мечиттин жанындагы жарылуудан 7 адам өлүп, 41 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү кабарлады.

23-сентябрдагы жарылуу Вазир Акбар-Хан районунда катталды. Бул кварталда мурда бир катар чет элдик элчиликтер, НАТОнун өкүлчүлүгү жайгашкан, учурда аны талибдер көзөмөлдөйт.

Талибдердин өкмөтүнүн маалыматына караганда, жарылуу жума күнкү намаздан чыгып бараткан учурда катталган. Жардырууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерди курчоого алып, тергөө иштерин алып барууда. Кабулдун полициясынын өкүлү Халид Задран журналисттерге билдиргендей, өлгөндөрдүн баары жайкын тургундар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы өзүнүн Твиттердеги баракчасына соңку жума намаздагы жардырууну “Ооган жергесиндеги туруксуздуктун жана террордук аракеттердин уланып жаткандыгын эскерткен көрүнүш” катары баалады.

Ооганстанда акыркы айларда жума намаздан кийин бир нече мечиттерде жарылуулар катталды. Алардын айрымдарын уюштурууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.

Комментарий жиберүү