Ирандын президенти Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 14-16-сентябрда Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Ал Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматынан билдиришти.

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында өлкөбүзгө расмий сапар менен келет”, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, өзбек-иран жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү Самаркандда өтөт. 15-16-сентябрда Раиси ШКУнун Самарканддагы саммитинин иш-чараларына да катышат.

“Лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин карашы күтүлүүдө”, — деп белгиленет билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан катышат. Байкоочу өлкөлөр – Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

2021-жылдын сентябрында Душанбе шаарында өткөн  ШКУнун саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Аравияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.

Эске салсак, 11-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов быйыл Иран Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кабыл алынарын айтып, тиешелүү меморандумга Самарканддагы саммитте кол коюларын билдирген.
Быйыл Беларусь дагы бул уюмга кирүүгө арыз берген. Норов ШКУга кабыл алуу процедурасы аталган саммитте башталарын билдирген.

Комментарий жиберүү