Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

 Тажикстан мурда пландалган куралдуу агрессия жасады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 14-17-сентябрында өзүнүн эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан Республикасынын биздин мамлекетке каршы алдын ала пландалган, куралдуу агрессивдүү актысы катары баалай турганын билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Тажик тараптын адамкерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 46 жараны каза болуп, 140 жараны жарадар болгон. 140 миңдей адам мажбурлап эвакуацияланды жана ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилди.

Тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасады” деген негизсиз айыптоолорун жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө аракети деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин, беделин түшүрүүгө багытталган кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады.

Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматтары чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта агрессиянын башталышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында тажик аскерлери тарабынан жасалган бардык мыкаачылыктарды жана кылмыштарды чагылдырган далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болсо кыргыз тарап бул далиллерди берүүгө даяр.

Тажикстан Республикасы БУУнун Уставында бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу фундаменталдык эл аралык принциптерди жана башка эл аралык документтерди одоно түрдө бузган.

Кыргыз Республикасы Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине чыккынчылык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, чет өлкөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң коргонуу позициясында иш алып барды, бул Тажикстандын аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктады. Кыргыз тарап тажик тараптан Кыргыз Республикасынын аймагына кол салуу боюнча келечексиз пландардан жана чек ара аймагындагы кырдаалды курчутуу боюнча көздөгөн максаттардан баш тартууну талап кылат.

Мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрдү жана оор аскердик техниканы колдонуп, чек ара жана жарандык объектилерге негизсиз кол салган, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарды, анын ичинде Баткен облусунун райондук борборун, Баткен шаарын аткылаган Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (жазылган видеоматериалдар бар).

Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолу макулдашууларга карабастан, тажик тарап чагымчыл аткылоолорду улантып, Кыргыз Республикасынын Баткен районундагы Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду сыяктуу айрым калктуу конуштарды басып алганын белгилейбиз.

Тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук алака катышка каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет болуп саналат.

Тажик тараптагы тартипсиз аскерлештирилген түзүмдөрдүн активдүү катышуусу өтө тынчсызданууну жаратат.

Тажик тараптын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын туруксуздашына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, тажик тараптын провокациялык аракетинен улам карапайым калктын, аскер кызматкерлеринин жоготууларына алып келип, аскердик жана жарандык инфраструктурага, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана мүлкүнө олуттуу зыян келтирген.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолунда, саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү үстөлүндө чечүү зарылчылыгы боюнча өзүнүн өзгөрүүсүз позициясын ырастайт.

Комментарий жиберүү