Тажикстандагы ооган качкындары өз мекенине күч менен чыгарылуудабы?

Тажикстандан башпаанек тапкан ооган качкындары тажик президенти Эмомали Рахмонго ачык кат менен кайрылышты. Бул тууралуу “Avesta” маалымат агенттиги жазды.

Качкындар өз кайрылууларында мамлекет башчысын качкындарды жана башпаанек издегендерди талиптер бийликте турган Ооганстанга мажбурлап кайтаруу процессин токтотууну суранышты.

Соңку күндөрү Тажикстандын аймагынан 100дөн ашуун ооган качкындары өз мекенине күч менен чыгарылганы кабарланган.
Бирок тажик бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бербей жана мындай аракеттердин себептерин түшүндүрө элек.

“Көптөгөн оогандыктар тирүү калып, балдарына келечек тартуулоо үчүн өз үйлөрүн жана мекенин таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Алар дүйнөнүн чар тарабында тентип жүрүшөт”, – деп айтылат Тажикстандагы ооган качкындарынын катында.
Кат фарси, орус жана англис тилдеринде жазылган.

Тажик бийлиги ооган качкындарынын кайрылуусун алган-албаганы тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.  

Ооган качкындары Тажикстандан өз мекенине күч менен чыгарылганы тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин эки жумадан бери бир дагы расмий орган бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Бир гана Ички иштер министрлигинин өкүлү эки жума мурун отуздан ашык ооган качкынына Тажикстандын аймагында жүрүү эрежелерин сактабаганы үчүн айып пул салынганын билдирген, бирок аларды өлкөдөн чыгаруу тууралуу сөз болгон эмес.

Ооган качкындарынын катында ошондой эле алардын айрымдары үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү үчүн виза алуу алдында турушканы жазылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Тажикстандагы башкармалыгынын башчысы Мулугета Зевди БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын алдына Тажикстандан ооган качкындарын чыгаруу маселесин көтөрүшү мүмкүн.

Тажикстанда 10 миңге жакын ооган жараны жашайт. Көбү Талибан кыймылынын куугунтугунан коркуп, Тажикстанга кире качкан.

Комментарий жиберүү