Иран Европаны энергетика менен камсыз кылууга даяр

Иран өзөктүк программасы боюнча келишим жанданса, Тегеран Европа өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы муктаждыктарын камсыз кыла алат.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани кечээ, 5-сентябрда маалымат жыйынында билдиргенин иран басылмалары жазышты.

Насер Канани Украина кризисин жана Европанын энергетика тармагындагы көйгөйлөрүн эске алуу менен, Европа Ирандын энергетикалык потенциалына өтө муктаж экенин белгиледи.

“Эгер өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр аяктап, Тегеранга каршы санкциялар алынса, анда Иран Европанын көпчүлүк муктаждыктарын, айрыкча энергетикалык ресурстар менен камсыз кыла алат”, – деди ал.

Ошондой эле, ал Иран дүйнөнү күйүүчү май жана газ ресурстары менен камсыз кылган эң маанилүү өлкөлөрдүн бири экенин баса белгилеп, санкцияларга карабастан энергетикалык рыноктордо өз катышуусун сактап, өнөктөштөр менен мунай операцияларын улантып келе жатканын айтты.

“Келишим түзүлүп, Иран Европа өлкөлөрүнүн энергетикалык муктаждыктарын камсыздоодо да натыйжалуу роль ойнойт деп үмүттөнөбүз”, – деди Иран ТИМинин расмий өкүлү.

Белгилей кетсек, 22-августта Иран ЕБдин башчысы Жозеп Боррелге өзөктүк келишимин калыбына келтирүү боюнча келишим долбоорунун сунушталган тексти боюнча өзүнүн жообун жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдөгү “калган маселелер” боюнча да өз пикирин билдирген.

Евробиримдик Ирандын өзөктүк келишим боюнча сунушуна берген жообун конструктивдүү деп атап, мындан аркы кадамдар боюнча АКШ менен кеңешип жатканын билдирген.

Ошондой эле, 24-августта Иран тарап АКШдан жооп алганын билдирген. Учурда АКШ өкмөтүнүн комментарийлерин кароо бир нече күндөн бери жүрүп жатат.

Комментарий жиберүү