Кытайдагы жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 46га жетти

Кытайда күчү 6,8 баллга жеткен жер титрөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 46га жетти.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдиргенин Синьхуа агенттиги жазды.

Жер титирөө түштүк-батыштагы Сычуань провинциясында болгон.

Кытайдын сейсмология борбору жер титирөөнүн очогу Лудин уездинен 39 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирди.

Маалыматка караганда, Ганзиде 29 адам, Яань аймагында 17 адам каза болгону такталып, дагы16 адам дайынсыз болуп жатат.

Жоготуулардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Сычуандагы жер титирөөгө байланыштуу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, сейсмикалык байкоону, экинчи даражадагы кырсыктардын алдын алууну күчөтүп, тургундарды эвакуациялоо жана аларды убактылуу жайларга жайгаштыруу боюнча иштерди күчөтүүгө буйрук берди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул аймакка Лудин шаарынан жана жакынкы конуштардан дагы 530 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 5-сентябрда Кытайдын түштүк-батышында Сычуань провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, алгач 21 адам каза тапканы маалымдалган.

Комментарий жиберүү