Россияда мектепте ок атылды. Мерт болгондордун көбү окуучулар

 Россиянын Ижевск шаарындагы №88 мектепте белгисиз куралчан адам тарабынан атылган октон 13 киши мерт болду.

Маалыматка караганда, ок тийип каза болгондордун жетөө мектеп окуучулары. Мындан тышкары, 20га жакын киши жарадар болду. Балдардын көбү мектептин терезесинен секирип оор жаракат алышкан.

Окуя бүгүн, 26-сентябрь эртең менен болгон. Удмуртиянын башчысы Александр Бречалов куралдуу кол салуудан 20га жакын адам жабыркаганын билдирди.  Учурда каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча так маалыматтар такталууда.

Ок аткан адам окуядан кийин өз жанын кыйган, анын өздүгү азырынча тактала элек.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулчу эки тапанча менен куралданган.

Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы жана анын ким экени аныктала элек.

Кээ бир маалыматтар каражаттарында чабуулчу мектепке нацистик символика тартылган кара кийим кийип келгени айтылууда.

Учурда жеринде тергөөчүлөр жана криминалисттер иштеп жатат.

Соцтармактарда жарыяланган видеодон мектеп окуучулары класстын ичинде чабуулчудан жашынып отурганын көрүүгө болот.

Комментарий жиберүү