Бийлик криминалды жеңди

Бийлик криминалды жеңди

4-октябрда Бишкектин чок ортосунда, чак түштө “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду. Себеби коомчулук, карапайым эл, өзгөчө бизнесмендер менен ишкерлер кылмыш дүйнөсүнүн зомбулугунан тажап, жарыла турган абалга келип калган болчу. Ал эми эки жыл мурда келген жаңы бийлик коррупция жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Бул багытта көп иштерди жасап жаткан УКМК тарабынан күн сайын мамлекеттин байлыгын уурдап-тоногон коррупционерлер менен кызмат абалын кыянаттык түрдө пайдаланып пара…

Прочитайте больше

Путин Канттагы авиабазага барат

Путин Канттагы авиабазага барат

Келерки жумада Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин расмий сапар менен келери күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн…

Прочитайте больше

УКМК: Кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды

УКМК: Кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп, республиканын аймагындагы ар түрдүү кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышат. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) каршы кылмыштуу…

Прочитайте больше

УКМК: Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар Тажикстанга берилген жок

УКМК: Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар Тажикстанга берилген жок

КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) айрым социалдык тармактарда жана ММКларда кыргыз жеринин тажик тарапка берилип кеткендиги тууралуу видео тасмалардын тарап жатышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: Социалдык тармактарда жана ММК айдыңында кызыкдар тараптар мамлекеттик органдардын ишин жаман көрсөтүү максатында кыргыз жери тажик тарапка берилип кеткендиги боюнча атайылап чагымчылдык аракеттер көрүлүүдө. Мындай бузуку маанайдагы адамдардын маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул жагдайга байланыштуу УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошол эле учурда коомчулукту мамлекеттик органдардын расмий…

Прочитайте больше

Путиндин Кыргызстанга качан келери айтылды

Путиндин Кыргызстанга качан келери айтылды

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчысы менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат. Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык…

Прочитайте больше

Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Прочитайте больше

«Kamaan 19». Ирандын куралдуу күчтөрү жаңы учкучсуз аппаратын көрсөттү

«Kamaan 19». Ирандын куралдуу күчтөрү жаңы учкучсуз аппаратын көрсөттү

Ирандын куралдуу күчтөрү «Kamaan 19» деп аталган жаңы учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү. Ал радиоэлектрондук күрөш системасы менен жабдылган жана бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөн. Бул тууралуу Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү бригадалык генерал Алиреза Шейх учкучсуз учактардын биргелешкен машыгуусу учурунда  билдиргенин IRNA агенттиги жазды. «Kamaan 19 аппараты биринчи жолу куралдуу күчтөрдүн катарына кошулду. Ал согуштук учууну аткарып, радиолокациялык станциялардан келген сигналдарды басып, радиоэлектрондук согуш операцияларын ийгиликтүү аткарды», — деп билдирген Алиреза Шейх.Белгилей кетсек, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз…

Прочитайте больше

Индияда Нипах вирусу жайылып жатат

Индияда Нипах вирусу жайылып жатат

Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык сак-саламаттык комитети Индияга бара турган жарандарга бул өлкөдө Нипах вирусу жайылып жатканын эскертти. Тиешелүү билдирүү комитеттин Telegram-каналына жарыяланды. Анда 22-сентябрга карата Индиянын Керала штатында аталган вирус алты кишиден аныкталганы, алардын экөө каза болгону жазылган. Комитет соода менен алектенген ишкерлерди жана Индияга барууну пландап жаткан жарандарды жеке гигиенаны сактоого, жер-жемиштерди жакшылап жууп жеп, термикалык иштетүүдөн өткөн суусундуктарды гана ичүүгө чакырды. «Мындан тышкары жарганаттар тиштеши ыктымал болгон жемиштерди жегенден да сак болуу зарыл. Жугуштуу оорулардан…

Прочитайте больше

Анкарада теракт болгон жерден 10 кг жардыруучу зат табылды

Анкарада теракт болгон жерден 10 кг жардыруучу зат табылды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү Анкарада теракт жасоо аракети болгон жерден дээрлик 10 килограммдай жардыргыч заттарды, ар кандай курал-жарактарды жана ок-дарыларды табышты. Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Али Ерликая жекшемби күнү Анкаранын борборундагы министрликтин имаратынын жанында теракт жасоо аракети болгонун, бир террорчу өзүн жардырып, экинчиси полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнүн билдирген. Атышуу учурунда эки полиция кызматкери жеңил жараат алды. «Террордук чабуул болгон жерди текшерүү учурунда гексоген камтыган 9,7 килограмм С4 үлгүсүндөгү жардыргыч зат, үч колго жасалган граната, 1…

Прочитайте больше

Карабактан 100 миңден ашык тургун чыгып кетти

Карабактан 100 миңден ашык тургун чыгып кетти

Жикчил Тоолуу Карабактан 100 миңден ашык киши Арменияга чыгып кетти. Алардын 34,5 миңден көбү мамлекеттик турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу 30-сентябрда Армениянын өкмөтү билдирди. Жыл башындагы маалыматка ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашаган. Аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Азербайжанды «этностук тазалоого» айыптаган Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз…

Прочитайте больше
1 4 5 6