Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты. Мамлекет башчысы Ирандын элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты. 1 of 5 -+ Ал Ибрахим Раисинин…
Прочитайте большеMonth: May 2024
Т. Акун: “АКШ менен Батыштын максаты – Украина аркылуу Россияны алсыратуу”
Россия тарабынан Украинада атайын аскердик операция башталгандыгына үч жыл болду. Дини, тили бир, бир тууган эки славян эли эмнеге бири-бирине душман болуп, согушуп калды? Эгер бул тирешүү тотобосо, анын кесепети кандай болот? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун менен маектештик. – Турсунбек мырза, Россия Украинага каршы атайын аскердик операция баштагандыгына үчүнчү жылга аяк басты. Эки славян, дини, тили…
Прочитайте большеЖээнбек Кулубаев ШКУ ТИМ кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Министр Кулубаев өз сөзүндө ШКУ татаал глобалдык жана регионалдык жагдайда өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жаткандыгын жана пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда уюмдун потенциалын пайдалануу үчүн узак мөөнөттүү стратегияга муктаж экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу кыргыз тарап ШКУнун 2035-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алуусуна өзгөчө маани берди. Кызыкдар өлкөлөр жана эл…
Прочитайте большеНетаньяхуну камакка алуу ордери: Байден АКШ Газада болуп жаткандарды геноцид деп эсептебей турганын айтты
Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Эл аралык кылмыш сотунан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Йоав Галант жана палестиналык ХАМАС кыймылынын бир катар лидерлерин камакка алууга ордер берүүнү талап кылууда. Анын айтымында, прокуратура Нетаньяху менен Галант “2023-жылдын 8-октябрынан бери Палестина аймагында (Газа тилкесинде) жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн жооптуу” деген далилдерди чогулткан. Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору ордер сурагандан кийин, дүйнөлүк лидерлер бул боюнча өз пикирлерин билдире башташты. Алардын…
Прочитайте большеИранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү белгиленди
Иранда президент Ибрахим Раиси каза болгондон кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленди. Талапкерлерди каттоо 30-майдан 3-июнга чейин жүргүзүлөт. Шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт. Авиакырсыктан каза болгон президент Ибрахим Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн. Ирандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Жаңы президентти шайлоо 50 күн ичинде уюштурушу керек. Президенттик шайлоо өткөрүү күнү дүйшөмбү күнү өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын башчыларынын өкмөт үйүндө өткөн…
Прочитайте большеИран президенти бараткан тик учак кырсыктады
Ирандын түндүк-батышында өлкө президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан кырсыкка учурады. Алдын ала маалымат боюнча тик учак катуу конуу жасаган. Аба-ырайынын катаал шарттары жана коюу тумандан улам куткаруучулардын окуя болгон жерге жетүүсү оор болууда. Тик учактын ичинде президенттен тышкары, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, коопсуздук тобунун башчысы, жансакчылар жана эки учкуч бар. Окуя түндүк-батыштагы Чыгыш Азербайжан провинциясында Узи жана Пир-Дауд кыштагынын ортосундагы…
Прочитайте большеКР ТИМ башчысынын орун басары Газадагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди
20-майда Бишкек шаарында Палестина тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Палестинанын элчиси Жавад Мухаммад Авад менен жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, Атаханов БУУнун резолюциясына ылайык көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү жана аны БУУнун мүчөсү катары таануу боюнча Кыргыз Республикасынын туруктуу позициясын билдирди. Ал ошондой эле гуманитардык кризис күчөп, бейкүнөө адамдар, анын ичинде жаш балдар жана аялдар курман болуп жаткан Газа тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди. Эки тараптуу кызматташуу маселелери…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Иран элине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Иран лидери Аятолла Али Хаменеиге президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Иран Ислам Республикасынын президенти Улуу Даражалуу Сейед Ибрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Улуу даражалуу Сизге жана Иран Ислам Республикасынын боордош элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып,…
Прочитайте большеИранда убактылуу президент жана ТИМ башчы дайындалды
Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер авиакырсыктан каза болгон президент Ибрахим Раисинин милдетин убактылуу аткарат. Ирандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Жаңы президентти шайлоо 50 күн ичинде уюштурушу керек. Мохбер 2021-жылы Ирандын биринчи вице-президенти болуп дайындалган. Ал Тегеран университетинин урматтуу профессору. 2009-жылдан бери Ирандын Илимдер академиясынын мүчөсү. Тик учак кырсыгында Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян да каза тапкан. Анын ордуна Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Тышкы иштер министринин…
Прочитайте большеКыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары Бишкектеги тополоңду талкуулашты
Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу достук мүнөзгө ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелерин эки тараптуу деңгээлде ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ИКУ ж. б. алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилешти. Кулубаев 18-майда Бишкек шаарында Пакистандын жарандарын катышуусунда болгон окуя тууралуу…
Прочитайте большеОор жоготуу! Дүйнө Иранга көңүл айтууда
Дүйнө өлкөлөрү Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде Тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахияндын тик учак кырсыгында каза табышына байланыштуу иран элине көңүл айтып жатышат. Иран президенти бараткан тик учак 19-майда катаал аба ырайынын кесепетинен өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап, учактын калдыктары бүгүн 20-май эртең менен табылган. Тик учакта Ибрахим Раисиден тышкары, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман…
Прочитайте большеПрезидент С. Жапаров Бишкектеги чет элдик студенттердин катышуусундагы окуя боюнча кайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров Бишкекте 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда орун алган окуя тууралуу билдирүү жасады. Мамлекет башчысы белгилегендей, акыйкаттыктын алдында, адилеттүүлүктүн алдында, улуттук мыйзамдардын алдында баарыбыз бирдейбиз. Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган. Окуянын чоо-жайы.
Прочитайте большеИран президентинин кыйраган тик учагы жайгашкан жер табылды
Иран президенти Ибрахим Раисинин кыйраган тик учагынын бөлүктөрү табылганын Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчиси Пир Хосейн Коливанд билдирди. Ал Кызыл Жарым Айдын издөө-куткаруу топтору тик учак кулаган жерге жетишкенин билдирди. Иран президенти бараткан тик учак кечээ, жекшембиде кырсыктаганы маалымдалган. Анда Ирандын түндүк-батышында Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан катуу конуу жасаганы маалымдалган. Тик учак конгон жер так белгисиз болуп, издөө иштерин аба-ырайынын катаал шарттары жана коюу туман татаалдаштырды. Масштабдуу издөө иштери түнү бою жүргүзүлдү….
Прочитайте большеТрамп АКШдагы шайлоого чейин үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн экендигин эскертти
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өлкөдө президенттик шайлоого чейинки беш айдын аралыгында үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанып кетиши мүмкүн экендигин билдирди. Анын сөзүн Россиянын РИА Новости агенттиги маалымдады. Миннесота штатындагы тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып Трамп азыркы куралдардын күчү жүрөгүңдү түшүрөрүн белгиледи. Ал ноябрь айына белгиленген президенттик шайлоого чейин үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн экендигин жокко чыгарган жок. Саясатчы өлкөдө «бул акылы жок адамдын айынан беш коркунучтуу ай тургандыгын» азыркы мамлекет башчы Жо Байденге ишарат кылып кошумчалады. Ошол эле шайлоочулар менен…
Прочитайте большеБишкекте Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келген мигранттарды текшерүү талабы айтылууда
Акыркы учурда Кыргызстанга Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келип, иштеп жаткан мигранттардын көбөйүп жатышы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратууда. Бүгүнкү күндө чет элдик мигранттарды Бишкек шаарынын аймагындагы тигүү цехтеринде, жеткирүү кызматтарында жана курулуштарда иштеп жатышканын көп жолуктурууга болот. Коомчулукта эмгек мигранттарынын саламаттыгын текшерүү керектиги да айтылууда. Соцтармактардын колдонуучуларынын бири, журналист Элнура Кулуева да “Пакистандан келип, окуп жаткан студенттердин, жумушчулардын баарын флюорографиядан өткөргүлө. Туберкулез менен ооругандар көп. Алардын канын да текшергиле”,- деп кайрылган. Азыркы тапта ИИМ ар кайсы тармактарда иштеген…
Прочитайте больше