Түркия “Bayraktar kızılelma” деп аталган учкучсуз учуучу согуштук учактарды 2023-жылдын аягына чейин чыгара баштайт.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.
«Атамекендик “Kızılelma” учкучсуз учуучу учагынын сериялык өндүрүшү 2023-жылдын аягында башталат», — деп билдирген түрк лидеринин сөзүн Anadolu маалымат агенттиги келтирди.
“Bayraktar kızılelma” — реактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган аппарат Түркияда биринчи жолу ушул жылдын август айында Самсун шаарында “Teknofest Karadeniz” аэрокосмостук фестивалынын алкагында көрсөтүлгөн.
Аппараттын өзгөчөлүктөрүнүн бири – кыска учуу тилкеси бар кемелерден, анын ичинде түрк деңиз флотунун флагманынан уча алат.