Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты португалиялык бомбардир болду

Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты португалиялык бомбардир болду

“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду “Болонья” командасына каршы оюнда гол киргизгенге жетишти. Оюн футбол боюнча Италиянын чемпионатынын А сериясынын (жогорку дивизион) 27-турунун алкагында өткөн. Беттеш кечээ, 22-июнда өтүп, 2:0 эсебинде “Ювентус” клубу жеңип алды. Голду Роналду менен Дибала киргизди. Португалиялык оюнчунун “Болонья” командасынын дарбазасына киргизген тобу Италия чемпионатындагы 43-голу болду. Бул бардык португалиялык оюнчулар арасындагы эң мыкты жетишкендик. Роналду “Фиорентина” жана “Милан” командасынын оюнчусу Руй Коштадан (42 гол) ашып өттү. Эскерте кетсек, португалиялык оюнчу “Ювентус”…

Прочитайте больше

Казакстанда Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору курулууда

Казакстанда Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору курулууда

Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору Казакстанда курулуп жатат. “Iribnews” агенттигинин маалыматына ылайык, Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору Алматы облусунун административдик борбору Талдыкоргон шаарында 27 миң чарчы метр аянтка курулуп жатат.Комплекстин курулуш иштери аяктайын деп калды жана ушул жылдын июль айынын аягында пайдаланууга берилет.Дүйнөлүк деңгээлдеги бассейн күнүнө 750 адамды кабыл ала алат. 27 миң чарчы метр аянтка курулган спорт борборунда 4 бассейн бар, алардын экөөсүнүн узундугу 50 метр жана туурасы 25 метрден турат,…

Прочитайте больше

Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Аргентинага 500 миң евро берди

Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Аргентинага 500 миң евро берди

Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн өз мекенине 500 миң евро жардам кылды. «Sputnik News» агенттиги “tycsports.com” сайтынын маалыматына ылайык, Аргентина курама командасы менен Испаниянын “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык шаймандарды жана коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн өлкөсүнө 500 миң евро өлчөмүндө акча каражатын бергенин маалымдады. Маалыматка ылайык, Лионель Месси бөлгөн акча каражатына сатылып алынган медициналык жабдуулардын бир бөлүгү азыркы учурда коронавируска каршы күрөшүүдө өлкөнүн ооруканаларында пайдаланылып жатат. Буга чейин, орусиялык…

Прочитайте больше

Кытайда дүйнөдөгү эң ири футбол стадиону курулуп башталды

Кытайда дүйнөдөгү эң ири футбол стадиону курулуп башталды

Кытайдын “Гуанчжоу Эвергранд” футбол клубу 100 миң орундуу дүйнөдөгү эң ири футбол стадионунун курулушун баштады. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги “Синьхуа” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Стадиондун курулуш иштери 2022-жылдын аягына чейин бүтөт. Бул спорт комплексинин курулушуна 12 миллиард юань (1,7 млрд.доллар) бөлүнгөн. Стадион Гуанчжоу шаарынын символдорунун бири болгон лотос гүлү түрүндө курулуп жатат. “Гуанчжоу Эвергранд” аренасы Барселонадагы 105 миң орундуу “Камп Ноу” стадиону курулуп бүткөнгө чейин бир аз убакытка дүйнөдөгү эң ири футбол стадиону болот. Кытай бийлиги өлкөдө…

Прочитайте больше

Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт

Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт

Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикме Азия континенти боюнча Токио олимпиадасына лицензия берген турнир Кыргызстандын Бишкек шаарында өтөрүн маалымдады. Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.Буга чейин Токио-2020 олимпиада оюндарына Азия континенти боюнча тандоо туру 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтөрү пландалган. Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикме Кытайда коронавирус илдети жайылып жаткандыктан турнирди Кыргызстанда өткөрүүгө чечим кабыл алган. Маалыматка ылайык, күрөш боюнча Токио Олимпиадасына лицензия берген  турнир 28-30-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Прочитайте больше

Кыргызстандык оор атлетчи Ирандагы мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык оор атлетчи Ирандагы мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу Бакдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык мелдеште женүүчү болду. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясы кабарлады. International Fajr Cup аталышындагы эл аралык мелдеш азыркы учурда Ирандын Рашт шаарында өтүп жатат. Кечээ, 3-февралда мекендешибиз 96 кг. салмак чен бирдигинде катышып, 1-орунду алды. Расулбеков ташты жогору көтөрүүдө 165 килограммды, силкип көтөрүүдө 206 килограмм салмакты багындырган. Жыйынтыгында Бакдөөлөт 371 килограмм салмак көрсөткүч менен өз салмагында бардык атаандаштарын артта калтырган. Белгилей кетсек, бул мелдеште спортчуларга дүйнөлүк рейтингде…

Прочитайте больше

Футбол борборун куруу маселеси боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Футбол борборун куруу маселеси боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборун куруу маселесине байланыштуу бүгүн, 30-декабрда басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу федерация социалдык тармактагы баракчалары аркылуу маалымат таратты. Футбол борборун куруу маселесин кароо шаардык кеңеште үч жолу жылдырылып, кийинки жылга калды. Бишкек мэриясы шаардык кеңештин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген. Федерация убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен…

Прочитайте больше

Ош шаарында 1 млн долларга спорткомплекс курулууда

Ош шаарында 1 млн долларга спорткомплекс курулууда

Бул тууралуу 27-ноябрда Бишкекте кыргыз күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылышында Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани билдирди. “Иран Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн каражат бөлдү. Азыр Ош шаарында сопрткомплекс курулуп жатат. Иран фондунан жардам катары 1 млн доллар бөлүндү”, – деди элчи. Анын айтымында, курулуш 2020-жылы Нооруз майрамына карата бүткөрүлүүгө тийиш.

Прочитайте больше

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Кония шаарында өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Кония шаарында өтөт

Бул тууралуу Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуусу комиссиянын 9-жыйынында маалым болгону КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Анда айтылгандай, Түркия көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюнун Конья шаарында өткөрүүнү пландап жатканын кабарлашкан. Эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссияны кыргыз тараптан Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын Вице-Президенти Фуат Октай жетектешкен. Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү үчүн Кыргызстандан былтыры кабыл алган. Ага чейин бул иш-чараны 3 жолу катары менен биздин мамлекет өткөргөн. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып, сактап…

Прочитайте больше

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1

19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөн беттеште алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди. Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген эле. Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында…

Прочитайте больше

Кыргызстан-Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргызстан-Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. Ал эми төртүнчү топту Гүлжигит Алыкулов, бешинчи топту Валерий Кичин киргизди. Алтынчы топту кайрадан Алимардон Шүкүров, жетинчисин Эдгард Бернхардт тепти. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат…

Прочитайте больше

UFC уюмунун президенти Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандаштарын атады

UFC уюмунун президенти Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандаштарын атады

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов беттешүүнү каалап жаткан канадалык Жорж Сен-Пьер менен кандай шартта таймашка чыгаарын Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дэйна Уайт айтып берди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазды. Канадалык мушкер ушул жылдын башында өзүнүн карьерасы менен коштошконун билдирген. Бирок, кийинчирээк Нурмагомедов үчүн кайра октаганго келүүгө даярдыгын айткан. “Хабиб алгач Тони Фергюсон менен таймашышы керек. Эгер Хабиб жеңишке жетсе, анда Жорж Сен-Пьер менен беттеш уюштуруу абдан жакшы болмок”, – дейт Уайт. Мурунку жума Нурмагомедов анын…

Прочитайте больше

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарынын акыркы даярдык иштери жүрүүдө

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарынын акыркы даярдык иштери жүрүүдө

Быйыл Кыргызстан 16-19-сентябрга чейин Улуттук көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландаган. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле спорттук оюндар менен кошо маданий иш-чаралар дагы өтмөкчү. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан ca-irnews.com/kg/ сайтына кабарлашкандай, эртең, 5-сентябрда, улуттук маданий борборунун кызматкерлери Таласка кетишет. Алар акыркы даярдык иштерин көрүшөт. Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз үйдү тез чечүү сынагы болмокчу. 16-сентябрда улуттук ат оюндары башталса, 19-сентябрдан тарта…

Прочитайте больше

Кыргызстандык спортчу жиу-житсу боюнча Дүйнө биринчилигинде коло байгелүү болду

Кыргызстандык спортчу жиу-житсу боюнча Дүйнө биринчилигинде коло байгелүү болду

Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов АКШда өткөн жиу-житсу боюнча IBJJF WORLD MASTER аталышындагы Дүйнө биринчилигинде коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жазды. Мелдеш Лас-Вегас шаарында өткөн. Алмаматов жалпы 6 беттеш өткөрүп, анын бешөөнү жеңген.

Прочитайте больше

Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 9 медаль утушту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 9 медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 9 медалды утуп алышканын Өзбекстандын Жеңил атлетика боюнча федерациясынан билдиришти. Мелдеш Ташкент шаарында 17-19-август күндөрү болуп өткөн. Кыздар арасында Айнуска Калил кызы 800 метр жана 1 миң 500 метр аралыктагы жарышта чуркап, эки күмүш байге уткан. Самат Казакбаев 1 миң 500 жана 5 миң метр аралыкка жүгүрүп, экинчи орунду ээлеген. Данияр Арыпбеков да күмүш байгелүү болгон (3 миң метр аралыкка тоскоолдуктар менен). Эркин Шеров (200…

Прочитайте больше
1 2