10-февралда Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде “Иран: кечээ жана бүгүн. Ислам революциясынын жетишкендиктери” аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул иш чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына карата уюштурулду. Фотокөргөзмөнүн ачылышына Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, аталган элчиликтин алдындагы Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми баш болгон дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, Кыргызстандагы ирандык мекеме, уюмдардын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары менен студенттери жана…
Прочитайте большеКыргызстан
Иран Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорду сырьё менен камсыз кылууга даяр
Иран Ислам Республикасы Кыргызстандагы күйүүчү жана майлоочу майлардын тартыштыгы менен баанын кымбатташын жөнгө салууга кызыкдар. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази 8-февралда өткөргөн маалымат жыйынында «Eurasia Today» агенттигинин журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Иран Ислам Республикасы мунай жана газ кору боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооба, акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү жана анын ичинде Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майлардын таңкыстыгы менен баанын кымбатташын баштан өткөрүп жатат. Бул багытта биз Кыргызстанды…
Прочитайте большеТоктогул ГЭСинде суу 8,8 млрд куб метрге чейин азайды
Бүгүн, 7-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 840 млн. куб. метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 132 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө. Эскерте кетсек, 2021-жылы Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жеткен. Апрель айында ГЭСтеги суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөгөн. Эксперттер суу сактагычта 6,5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу…
Прочитайте большеКытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр
Кытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кечээ, 6-февралда, Пекин шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди. Си Цзиньпин ошондой эле кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого даярдыгын билдирди. Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенет. Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү…
Прочитайте большеCOVID-19: Үч адам каза таап, 68 бейтаптын абалы өтө оор
Акрык бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус боюнча 202 учур катталып, 591 бейтап илдеттен айыгышты. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык шатб кабарлады. Сонку 24 сааттын ичинде Бишкек шаарында 107 учур, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 46, Ош облусунда 2, Талас жана Нарын облустарында 3төн учур, Ысык-Көл облусунда 18, Жалал-Абад облусунда 14 жана Баткен облусунда 7 учур катталган. Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 199 164кө жетип, анын ичинен 189 983ү дартты жеңген. Учурда ооруканаларда 966 бейтап…
Прочитайте большеАкадемик Сабырбек Жумабеков президентке кайрылуу жасады
БИШКЕКтеги Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков маалымат жыйын өткөрүп, Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан өзүнүн дарегине айтылгандарга жооп берди. Жумабеков мамлекеттик мекемени эч кандай менчиктештирүү болбогонун айтып, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага жалган жалаа жаап, далилсиз сөздөрдү айтып жатканын билдирди. Белгилей кетсек, Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, Сабырбек Жумабековду БИШКЕК травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун менчиктештирип алууга айыптаганы тууралуу маалымат тараган. Ошондой эле ал аталган илимий борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү…
Прочитайте большеБашкы чөйчөктө суунун көлөмү 9 млрд. метр кубдан төмөндөдү
“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-февралга карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд. 995 млн. метр куб суу бар. Былтыр ушул маалда 10,6 млрд. метр куб суу болгон. Былтыр март айынын аягында “Токтогулда” суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер керектөөлөр өскөнүн эске алганда, кыштан кийин – 2022-жылдын 1-апрелине барып, суунун көлөмү 6 млрд. метр кубга чейин азайышы мүмкүн деп болжойт. Бирок, өкмөт Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада…
Прочитайте большеСадыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Садыр Жапаровдун Кытайдагы иш сапары тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Жапаров Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугат, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат. “Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруунун келечеги болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы…
Прочитайте большеМинистрлер Кабинети энергетика тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу аракетин көрүүдө
Министрлер Кабинетинде Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу жана бир катар энергетикалык объектилерди реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорлору тууралуу кеп жүрдү. Министрлер Кабинети улуттук энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча бардык кызыкдар инвесторлор, өнөктөштөр жана эл аралык каржы…
Прочитайте большеКөк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)
Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин…
Прочитайте большеКыргызстанда алгачкы жолу автобус чыгарылды
Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүнчү автобустары өндүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Биринчи Made in KG BELES аттуу автобусу европалык DAF автоконцерни менен биргеликте өндүрүлүп пилоттук түрдө чыкты. Маалыматка караганда, автобустун кемчиликтери оңдолуп чыккандан кийин, газ жана электро кыймылдаткычтары менен жүргөн шаарга ылайыкташтырылган жүргүнчү автобустарын чогултуу линиясын орнотуу пландалууда. Азырынча автобус тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Прочитайте большеБаткенде абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайтышууда
Баткен облусундагы абалга байланыштуу эвакуацияланган жарандар туруктуу жашаган жерлерине кайтып барышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жарандарды кайра көчүрүү иши Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары менен ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, жарандар өздөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат. Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410и туугандарынын үйлөрүнө, 642 киши жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган. Аталган пункттарда…
Прочитайте большеУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткенге барды. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, түн тынч өттү. Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат.
Прочитайте большеБыйыл Кыргызстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда
Министрлер кабинети быйыл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландап жатат. Маалыматка ылайык, мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган. Долбоор 2022-жылдын биринчи кварталынан 2023-жылдын төртүнчү кварталына чейин, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылмакчы. Биринчи этапта бийлик технологияны тесттик режимде ишке ашырып көрүүнү пландап жатат. Ага чейин радиожыштыктын тилкесин аныктап, тесттик текшерип көрүүнүн сценарийин түзүп, технология жайгашчу пилоттук зонанын аянтын аныктоо сыяктуу маселелер чечилмекчи. Маалыматта 5G…
Прочитайте большеИран Кыргызстан менен гидроэнергетика тармагында кызматташууга даяр
24-январда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков Тегеранда Ирандын энергетика министри Алиасгар Мехрабиан менен жолугушту. Жолугушууда Сыдыков Ирандын энергетика министрине Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берип, президент Садыр Жапаров экологиялык жактан таза энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Кыргыз элчиси иран тараптын кароосуна жана изилдөөсүнө бир катар инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Кыргызстандын аймактарында орто жана чакан ГЭСтерди курууну сунуш кылды. Өз кезегинде Мехрабиан иран тараптын Кыргызстан менен гидроэнергетика жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кызматташууга даярдыгын…
Прочитайте больше