Баткенде абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайтышууда

Баткен облусундагы абалга байланыштуу эвакуацияланган жарандар туруктуу жашаган жерлерине кайтып барышууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жарандарды кайра көчүрүү иши Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары менен ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жарандар өздөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410и туугандарынын үйлөрүнө, 642 киши жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.

Аталган пункттарда ӨКМдин Баткен облустук түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, жарандарды ысык тамак-аш, биринчи кезекте зарыл болгон каражаттар менен камсыздашкан.

Эскерте кетсек, 27-январь саат 20:30дар чамасында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жаңжал чыгып, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган. Кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган. Бирок, кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын орундарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон. Чек арадагы Кыргызстан тараптан 11 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Кечээ, 28-январда кайрадан тараптардын сүйлөшүүсү уланып, Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты.

Комментарий жиберүү