Токтогул ГЭСинде суу 8,8 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 7-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 840 млн. куб. метрди түздү.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 132 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жеткен. Апрель айында ГЭСтеги суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөгөн.

Эксперттер суу сактагычта 6,5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу боло баштарын эскертип келишет.

Комментарий жиберүү