Бишкекте Ирандагы Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды (фото)

10-февралда Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде “Иран: кечээ жана бүгүн. Ислам революциясынын жетишкендиктери” аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Бул иш чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына карата уюштурулду.

Фотокөргөзмөнүн ачылышына Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази, аталган элчиликтин алдындагы Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми баш болгон дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, Кыргызстандагы ирандык мекеме, уюмдардын кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары менен студенттери жана борбор калаанын жашоочулары катышты. Алгач сөз сүйлөгөн музейдин өкүлү жети миң жылдык тарыхы бар байыркы Персия же азыркы Иран мамлекетинин бүтүндөй адамзат тарыхына кошкон салымы өтө маанилүү экендигин белгилеп, ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Ирандагы 22 маданий жана тарыхый объектилер киргендигин, мындан тышкары дагы 56 объект талапкер экендигин белгиледи.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси П. Гасеми бүгүнкү иш чарага катышып жаткан баардык конокторго ыраазычылык билдирди. “Бүгүнкү фотокөргөзмөнүн эки өзгөчөлүгү бар: “Биринчиси, 200гө жакын Ирандын Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдан кийинки маданият, илим, экономика жана башка тармактарындагы жетишкендиктери чагылдырылган 200 фотонун жарымынан азыга гана, эң мыктылары тандалып алынды. Экинчиси, темасынын ар түрдүүлүгү. Бул Ирандын бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери. Бүгүнкү иш чаранын дагы бир артыкчылыгы, ар бир картинага QR белгисинин жайгаштырылгандыгы. Аны каалоочулар чөнтөк телефонуна көчүрүп, ошол объекти тууралуу кеңири маалымат берилген видеону жана башка маалыматтар менен тааныша алышат.

Биз бүгүнкү иш чаранын алкагында Ирандын жетишкендиктери тууралуу документалдуу фильм көрсөтүүнү да пландаштырган болчубуз. Бирок шартка байланыштуу бир саатка жакын убакытты камтыган ал тасма көрсөтүлбөй калды. Анткен менен кийинки жумада Кыргызстандын жергиликтүү телеканалдарынын көрсөтүлүп, жогорку окуу жайларынын студенттерине атайын көрсөтүлмөкчү. Мен Иран менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алдында өтүп жаткан фотокөргөзмө эки мамлекеттин кызматташтыгынын жаңы барагын ачат деп ишенем”,- деди П. Гасеми.

Ал эми Ирандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Парвиз Гасеми өз сөзүн Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгынын аралыгында жетишкен ийгиликтери менен баштап, быйылкы жылы Иран менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин да 30 жылдыгын белгилөө иш чарасы алдыда тургандыгын кошумчалады. “Эгер биз бири-бирибиз тууралуу көбүрөөк билип, карым-катнашыбызды чыңдагыбыз келсе, анда көбүрөөк маалымат алышыбыз керек. Бул маалымат алмашуу. Бирок кээде кулагыбыз менен укканга караганда көзүбүз менен көргөндө көбүрөөк таасирленип, ишенимибиз тереңдейт. Ошондуктан ирандыктардын Кыргызстанга, кыргызстандыктардын Иранга каттап турушу маанилүү. Азыркы учурда эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдарды кайра жандандыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Жакын арада бул аракетибиз да ишке ашарына ишенип койсоңуздар болот. Иран менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда маданий тармакта кызматташуу тууралуу келишимгее кол коюлган. Жакында ал документ да жаңыланып, маданий карым-катнашыбыз мурдагыдан да бекемделет деген пландарыбыз бар. Иран менен Кыргызстандын Дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыга өткөөл мезгил болуп калат деп ишенем”,- деди дипломат.

“Жети миң жылдык тарыхы бар Иран адамзат тарыхындагы байыркы цивилизациялардын бири болуп саналат. Биздин мамлекеттин көптөгөн тарыхый эстеликтери жана бай маданий мурастары бар. Иран ар кандай доорлорду баштан өткөрдү жана азыркы мезгил Ислам революциясынын бүгүнкү күндөрү белгиленип жаткан даңктуу Ислам революциясынын 43 жылдыгы болуп саналат”,- деп айтылат Маданий өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Иран элинин Ислам революциясы жеңишке жетишкен 43 жылдын аралыгындагы ар кандай тармактардагы жетишкендиктери, анын ичинде саясый көзкарандысыздыгы, илим жана техника, экономика, рухий жактан өнүгүүсү жана башка тармактардагы ийгиликтери бул өлкөнүн кандай татыктуу орунда тургандыгын далилдеп турат.

Бул көргөзмөдө конокторго Ирандын маданий, тарыхый жана туристтик жайларынан тартылган 75 фотолор, өлкөнүн азыркы учурдагы жетишкендиктери, жергиликтүү архитектура, Ислам революциясынын ар кандай тармактардагы жетишкендиктери чагылдырылат. Мындан тышкары фотокөргөзмөнүн алкагында Ирандын Маданий өкүлчүлүгү АЗИЯ ТВ телеканалы менен биргелешип которулган жана үнү жазылган Ирандын жети миң жылдык тарыхы тууралуу документалдуу фильм.

Фотокөргөзмө 12-февралга чейин күн сайын саат 11:00дөн 17:00гө чейин ачык болот жана каалоочулар бекер кире алышат.

Комментарий жиберүү