Иран Кыргызстан менен гидроэнергетика тармагында кызматташууга даяр

24-январда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков Тегеранда Ирандын энергетика министри Алиасгар Мехрабиан менен жолугушту.

Жолугушууда Сыдыков Ирандын энергетика министрине Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берип, президент Садыр Жапаров экологиялык жактан таза энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
 
Кыргыз элчиси иран тараптын кароосуна жана изилдөөсүнө бир катар инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Кыргызстандын аймактарында орто жана чакан ГЭСтерди курууну сунуш кылды.
 
Өз кезегинде Мехрабиан иран тараптын Кыргызстан менен гидроэнергетика жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кызматташууга даярдыгын билдирди. Ирандын Энергетика министрлигинин башчысы ирандык компаниялар Иранда да, чет өлкөлөрдө да ГЭС курууда бай тажрыйбага ээ экенин билдирди.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын өкүлдөрүн Ирандын профилдик компанияларынын ишмердүүлүгү, тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүгү менен таанышуу максатында иш сапары менен келүүнү уюштурууну макулдашышты. Андан соң алар Ирандын Кыргызстанда  ГЭСтерди куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусу боюнча консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү башташат.

Комментарий жиберүү