УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткенге барды.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, түн тынч өттү.

Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Комментарий жиберүү