Быйыл Кыргызстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда

Министрлер кабинети быйыл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалыматка ылайык, мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.

Долбоор 2022-жылдын биринчи кварталынан 2023-жылдын төртүнчү кварталына чейин, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылмакчы.

Биринчи этапта бийлик технологияны тесттик режимде ишке ашырып көрүүнү пландап жатат. Ага чейин радиожыштыктын тилкесин аныктап, тесттик текшерип көрүүнүн сценарийин түзүп, технология жайгашчу пилоттук зонанын аянтын аныктоо сыяктуу маселелер чечилмекчи.

Маалыматта 5G технологиясы — маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте “акылдуу шаар”, “акылдуу турак жай” долбоорлорун ишке ашырууга жардам берери айтылат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын апрель айында Түштүк Корея жана АКШда биринчи жолу 5G технологиясы ишке кирген. “Самсунг” компаниясы Galaxy S10 смартфондору 5G байланышына кошулганда, интернет жыйырма эсеге тездерин билдирген.

Учурда бир катар өлкөлөр 5G технологиясын өнүктүрүп, өлкөгө жайылтууну көздөп турат. 5G айдоочусуз унааларды колдонуу үчүн да маанилүү экени айтылууда. Талдоочулар 4G байланыштан 5G технологиясына өтүү чоң секирик болоорун белгилешүүдө. Ошол эле учурда жаңы технология коопсуздукка коркунуч жаратат дегендер да жок эмес.

Комментарий жиберүү