Кыргызстанда алгачкы жолу автобус чыгарылды

Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүнчү автобустары өндүрүлдү.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Биринчи Made in KG BELES аттуу автобусу европалык DAF автоконцерни менен биргеликте өндүрүлүп пилоттук түрдө чыкты.

Маалыматка караганда, автобустун кемчиликтери оңдолуп чыккандан кийин, газ жана электро кыймылдаткычтары менен жүргөн шаарга ылайыкташтырылган  жүргүнчү автобустарын чогултуу линиясын орнотуу пландалууда.

Азырынча автобус тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Комментарий жиберүү