Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан жер шарындагы калктын 10 пайыздан азыраагында гана коронавируска каршы иммунитет бар экенин билдирди. Бул тууралуу “ir.Sputnik” агенттиги жазды. “ДССУ сероэпидемиологиялык изилдөөлөргө байкоо жүргүзөт – акыркы эсеп боюнча, мындай 500гө жакын изилдөөлөр болгон. Эгер бардык маалыматтарды кошсок, анда дүйнө калкынын 10%дан азыраагында гана коронавируска каршы иммунитет бар”, – деди Сваминатан. Ал ДССУнун Твиттердеги баракчасына жарыяланган маегинде, уюм дүйнөнүн айрым шаарларындагы ооруунун очогу чыккан жерлерде аналитикалык изилдөө жүргүзүп жаткандыгын айтып,…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдиүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планын бекитти. Биринчи кезектеги чаралар планы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Бул тууралуу КРнын Өкмөт Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Документ 50 иш-чарадан турат жана аны аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн, алардын ишке ашырылышы төмөнкү багыттарда олуттуу жакшыртууларга жетишүүгө мүмкүндүк берет: – Калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү,…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат
Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы тастыктады. Ага ылайык, бул – Садыр Жапаровдун президент катары чет мамлекетке алгачкы расмий сапары. Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген. Казакстан менен Кыргызстан КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу бир катар…
Прочитайте большеБЧБнын (ЦРУ) мурдагы башчысы: Вашингтон Мухаммад бен Салмандын АКШга кирүүсүнө тыюу салышы керек
АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Жон Бреннан Вашингтон Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын кылмыштарына көз жумбашы керектигин баса белгилеп, анын АКШга кирүүсүнө тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу “Mahr News” агенттиги “Daily Mail” басылмасына шилтеме берип кабарлады. 2013-жылдан 2017-жылга чейин БЧБны жетектеген Жон Бреннан америкалык MSNBC телеканалына берген маегинде АКШнын президенти Жо Байден Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын кылмыштарына көз жумбашы керек деди. Ал Салмандын саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү аракетин кескин сынга алып, Вашингтонду саудиялык мураскер ханзааданы АКШга…
Прочитайте большеУшак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?
Рамазан айы – бир гана тамак-аш, суусундуктан баш тартуу эмес, а бардык тыюу салынган иш-аракеттерден арылуу. Адамдар тарабынан көп жасала турчу күнөөлөрдүн бири – ушак айтуу (гыйбат). Аллах бул жаман адатты каза болгон бир тууганынын этин жеген иш-аракет менен салыштырган. А эмнеге дал ушундай салыштыруу болду экен? Себеби, ушакталып жаткан адам өзүн-өзү жаман сөздөрдөн коргой албагандыктан, ал өлгөн адамга салыштырылат. Дайыма бирөөнүн артынан сүйлөө адатка айланып кетүүсү мүмкүн. Биз сиздерге бул нерсени алдын алуунун бир…
Прочитайте большеДагы 730 миң америкалык жумушсуз калды
АКШнын Эмгек кеңсесинин жаңы отчетунда бир аптанын ичинде дагы 730 миң америкалык жумушсуздукту колдоо боюнча борборго кайрылгандыгы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Financial Times маалыматына шилтеме берип билдирди.АКШнын Эмгек министрлигинин жаңы отчетунда дагы 730 миң америкалык ушул жумада биринчи жолу жумушсуздукту колдоо өтүнүчү менен кайрылгандыгы көрсөтүлдү.“Доу Джонс” сурамжылоосуна катышкан экономисттер ушул жумада 838 миң адам жумушсуз калат деп божомолдошкон. Берилген маалыматтарга караштуу, АКШнын камсыздандыруусунан пайдаланышкан жумушсуздардын саны өткөн жумага салыштырмалуу азайган.Ал эми АКШнын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык,…
Прочитайте большеАКШнын чалгындоо кызматы: «Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы журналист Хашоггини өлтүрүү буйругун жеке өзү берген»
АКШнын чалгындоо кызматы жарыялаган баяндамада саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу жана өлтүрүү буйругун Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман өзү бергени айтылат. Бул тууралуу “Fars News” МА жазды. АКШ өкмөтү тарабынан саудиялык оппозициялык журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча жарыяланган баяндамада Хашоггини өлтүрүү Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын түздөн-түз буйругу менен жасалгандыгы көрсөтүлгөн. “Биздин баамыбыз боюнча, Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу же өлтүрүү боюнча Түркиянын Стамбул шаарында операция жүргүзүүгө уруксат берген….
Прочитайте большеСеул санкциялардын кесепети Түндүк Кореяда гуманитардык катастрофаг аалып келерин эскертти
Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен биригүү боюнча министри Пхеньянга каршы санкциялар кайра каралбаса, өлкөдө олуттуу гуманитардык кризис болушу мүмкүн экенин эскертти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, жума күнү Түштүк Кореянын биримдик министри Ли Ин Ён Түндүк Кореяга каршы жарыяланган эл аралык санкциялардын таасири жөнүндө эскертүү жасады.Ал “Financial Times” гезитине берген маегинде, Түндүк Кореяга каршы жарыяланган санкцияларды кайра карап чыгууну суранып, бул санкциялар өлкөдө олуттуу гуманитардык кризисти жаратышы мүмкүндүгүн билдирди.“Түндүк Кореяга каршы катаал санкциялар беш жылдан бери киргизилип…
Прочитайте большеБайден Трамптын чет өлкөлүктөрдүн АКШга киришине тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды
АКШнын президенти Жо Байден Дональд Трамптын көптөгөн грин-карта ээлеринин Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды. Трамп жарлыкты былтыр чыгарып, коронавирус пандемиясына байланыштуу америкалыктарды жумушсуздуктан сактоо зарылдыгын билдирген. Башында чет өлкөлүктөрдүн айрым категориясы үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими 2020-жылдын соңунда аягына чыкмак, бирок Трамп аны кийинчерээк март айынын аягына чейин узарткан. Миграция маселелери боюнча юристтердин айтымында, Трамптын жарлыгы көптөгөн иммигарциялык визаларга бөгөт койгон. Иммигранттар үй-бүлө мүчөлөрү менен өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган. Саламаттык сактоо…
Прочитайте большеЖапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары сүрөттөрдө
Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Орусия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду. Жапаров иш сапарын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле мамлекет башчысы Москва шаарында мекендештер жана Орусия жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Мындан тышкары, ал Татарстандын Президенти Рустам Минниханов, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин,…
Прочитайте большеОрусия АКШнын Сирияга кол салуусун айыптады
Орусиянын Тышкы иштер министрлигине таандык маалымат булагы Москва АКШнын Сирияга каршы жасаган чабуулун айыптап, бул эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушу деп эсептерин билдирди. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.“Бул кол салуу Бириккен Улуттар Уюмунун көз карандысыз мүчө-мамлекетинин аймагына жасалды. Бул эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушу. Биз алардын ал жерде кимди бутага алганын териштиришибиз керек”, – деп жазылган Орусиянын ТИМнин маалымат булагынын жарыялаган маалыматында.Ошондой эле, маалыматта Иран Сирияда туруктуу армия менен катар ИШИМге (Орусияда тыюу салынган…
Прочитайте большеБУУ: 2020-жылы Израиль 47 жайкын палестиналыкты өлтүрдү
Сионисттик режимдин коопсуздук күчтөрү 2020-жылы кеминде тынч турмушта жашап жаткан 47 палестиналыкты өлтүргөн. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы кырдаалды баяндаган докладында сүйлөдү.Берилген маалыматтарга караштуу, акыркы бир жылдын ичинде Израилдин коопсуздук күчтөрү 67 палестиналыкты өлтүргөн (64 эркек жана үч аял), анын ичинде 47 аскердик эмес жайкын тургун болсо, 16сы балдар эле. Мындан тышкары, берилген отчетто 3 миң 678 палестиналык Израиль аскерлери тарабынан…
Прочитайте большеИндия менен Пакистан Кашмир чөлкөмүндө ок атууну токтотуу боюнча макулдашышты
Индия жана Пакистан армиялары талаштуу Кашмир аймагында ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Fars News агенттиги билдиргендей, жыйырма жылдан бери биринчи жолу Индия менен Пакистан талаштуу Кашмир чөлкөмүндө ок атышпоо келишимин түзүштү. Пакистандын маалымат каражаттары 25-февралда Пакистан армиясы Индиянын армиясы менен биргелешкен билдирүү жасап, ок атышууну токтотууга макул болгонун кабарлашты.“Эки тарап бардык келишимдерге жана түшүнүшүүлөргө жана өрт коркунучунан узак болууга карата практикалык милдеттенме боюнча макулдашышты”, – деп айтылат билдирүүдө.Белгилей кетсек, аскер кызматкерлери ошондой эле тынчтыкты…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров: Менин максатым–элибиздин көйгөйлөрүн чечүү
«Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-февралда, Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Садыр Жапаров эки өлкөнү тарыхый жана маданий жалпылыктар, ошондой эле илгертен бери келе жаткан достук мамилелер байланыштырып тургандыктан, Россия Федерациясына Мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен келип жатканын белгиледи. Анын айтымында,…
Прочитайте большеИрандын Батышында террорчулук ооздукталды
Ирандын Чалгындоо министрлиги Пираншехр шаарында террорчулук ооздукталып, эки террорчу жок кылынганын маалымдады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “ISNA” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Өлкөнүн Чалгындоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү Батыш Азербайжан чалгындоо агенттиги жана Хамза сейед аль-Шухада базасы менен кызматташтыкта Курдистан аймагындагы террордук уюмдар менен байланышы бар Пираншехрда террордук чабуулдарды жасоону көздөгөн куралчан эки террорчу куралдуу кагылышууда жок кылынганын маалымдады. Жок кылынган террорчулардан “Калашников” үлгүсүндөгү эки автомат, граната жана ок-дарылар алынды. Белгилей кетсек, кечээ, 24-февраль эртең менен Тегерандын…
Прочитайте больше