Коронавируска каршы вакцина «таблетка» түрүндө чыгарылды

Индо-америкалык “Oravax” компаниясы коронавируска каршы вакцина таблетка түрүндө чыгарылганын маалымдады.

Бирок, бул препарат жакынкы аралыкта массалык түрдө чыгарыларына кепилдик жок. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги “Business Insider” маалымат порталына шилтеме берип кабарлады. “Oravax” компаниясы таблетка түрүндөгү вакцинанын клиникалык сыноолору жакында башталарын билдирди.

Вакцинанын таблетка түрүндө чыгарылышы, инъекция ыкмасына караганда көптөгөн артыкчылыктарга ээ жана буга чейин башка ооруларды тезирээк дарылоо үчүн колдонулуп келген. Ошол эле учурда, мындай препартты өндүрүү үчүн жасала турган кадамдар өтө узак убакытты талап кылат жана бир жылга жакын убакыт талап кылынышы мүмкүн.

“Oravax” компаниясы коронавируска каршы таблетка адамдарга жайдын башында, башкача айтканда июнь айында сынала баштайт деп  үмүттөнүүдө. Бирок, бул жаңы дарылоонун ийгиликтүү болушуна эч кандай кепилдик жок, ошондуктан таблетка кээ бир терс таасирлеринен улам алынып салынышы да мүмкүн. Маалыматта белгиленгендей, аталган таблетка бөлмө температурасында оңой сакталат жана муздаткычка салуунун кажети жок.

Комментарий жиберүү